Sign In
ЕЭК Комиссиянын ишмердигинин багыттары жөнүндө "Сандар жана фактылар" деп аталган жаңы жыйнакты чыгарды

ЕЭК Комиссиянын ишмердигинин багыттары жөнүндө "Сандар жана фактылар" деп аталган жаңы жыйнакты чыгарды

30.12.20

Евразия экономикалык комиссиясы жыл жайын ЕЭКтин ишмердигинин багыттары жөнүндө "Сандар жана фактылар" жыйнагын чыгарып келет. Бул жыл да эрежеден сырткары болгон жок. Он брошюрада жаңыланган сандар жана маанилүү фактылар келтирилген. 

"Сандар жана фактылар": ЕАЭБ боюнча статистикалык маалыматтар" жыйнагында Евразия экономикалык бирлиги иштеп келе жаткан беш жылдын ичиндеги жетишкендиктер жөнүндө маалыматтар, негизги статистикалык көрсөткүчтөр жыйналган. Алсак, 2019-жылда ЕАЭБдеги жумушсуздук 4,8%, ЕАЭБдин ИДӨсү – 1 967,2 млрд АКШ долларын түзгөн. Өнөр жай өндүрүшү – 1 265 млрд АКШ долл., айыл чарба продукциясы – 120 млрд АКШ долл. Беш жылдын ичинде интеграциялык байланыштардын бекемделгендигин төмөнкү факт көрсөтүп турат. Товарлар менен өз ара соода жүргүзүү өсүп, 2019-жылда 2014-жылга салыштырмалуу 14,4% түзгөн, ошол эле мезгилде үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода 87,4%дан 85,6%га кыскарган. 

"Сандар жана фактылар: Интеграция жана макроэкономика" жыйнагынан интеграция аракет катары, ЕАЭБдин эл аралык рейтингдердеги позициялары, Бирликтин программалык документтери, алга карай өнүгүүнүн макроэкономикалык негиздери жана көптөгөн башка нерселер жөнүндө билүүгө болот. Ошондой эле, жыйнакта ЕАЭБдин туруктуу өнүгүү максаттарына кантип жетүүсү жана эл аралык кызматташтыктын өнүгүүсү жөнүндө маалыматтар келтирилген. 2020-жылдын декабрь айына карата ЕАЭБ эл аралык рейтингдерде "экономиканын инклюзивдүүлүгү" көрсөткүчү боюнча 19-орунду, "бизнес жүргүзүү" көрсөткүчү боюнча 29-орунду, "электрондук өкмөт" көрсөткүчү боюнча 36-орунду ээлейт.

ЕАЭБде жалпы каржы рыногу, эмгектин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыноктору кантип өнүгүп жаткандыгы, интеллектуалдык менчикти коргоо кантип ишке ашырылып жаткандыгы, жөнгө салуучу таасирди баалоонун кантип жүргүзүлүшү, Бирликтеги медициналык жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө "Сандар жана фактылар: Экономика жана каржы саясаты" жыйнагынан биле аласыздар. ЕЭК Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте иштеп чыккан, COVID-19 пандемиясынын шарттарында мүчө мамлекеттердин экономикалык стабилдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган кризиске каршы жана стабилдештирүүчү чаралар жөнүндө да аталган жыйнактан билүүгө болот.

Кайсы өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашуулар түзүлгөндүгүн, учурда кимдер менен преференциалдык соода макулдашууларын түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын, ЕАЭБде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча кандай иш жүргүзүлүп жаткандыгын, коронавирус менен күрөшүү боюнча натыйжалуу чаралардын Бирликтин өлкөлөрү тарабынан аткарылышы үчүн ЕЭК кандай документтерди кабыл алгандыгын жана Комиссия товарлардын ички рыногунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын коргоо боюнча, учурдагы жагымсыз жагдайды түзөтүү үчүн кандай чараларды кабыл алып жаткандыгын билгиңиз келеби? – бул тууралуу "Сандар жана фактылар: Соода" деп аталган жаңы жыйнактан окуңуз.

"Сандар жана фактылар: Техникалык жөнгө салуу жана СФС-чаралар" жыйнагынан ЕАЭБде техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутуму – продукциянын бүткүл жашоо циклинде анын коопсуздугун камсыз кылуунун негизи экендигин биле аласыз. Ал өз ара соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюуга, ички рынокту кооптуу продукциядан коргоого, өндүрүлүп жаткан товарлардын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бирликте 48 техникалык регламент кабыл алынып, анын 43 күчүнө кирди. ЕАЭБдин 42 техникалык регламентине карата Стандарттардын тизмектери бекитилди, алар 12 миңден ашуун позицияларды камтыйт. Заманбап стандарттар – үчүнчү өлкөлөр менен өз ара сооданы өнүктүрүүнүн негизи.

Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жалпы рыноктору боюнча ченемдик база толугу менен түзүлдү. ЕАЭБде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналган СФС-чаралардын алкагында кайсы болбосун өлкөнүн аймагына алып келинип жаткан продукция "таза", коопсуз болушу үчүн укуктук шарттар түзүлүүдө.

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңеши иштейт, ал пандемиянын алгачкы күндөрүнөн тарта Бирликте коронавирустук инфекциянын таралышынын алдын алуу боюнча ишке киришкен.

Өнөр жай Евразия экономикалык бирлигинин ИДӨсүнүн жалпы көлөмүнүн 27% түзөт. 2015–2019-жылдарда ЕАЭБдин айыл чарба продукциясынын өсүшү 11% түзгөн. ЕАЭБдин өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинин негизги өнүгүү тенденциялары жөнүндө "Сандар жана фактылар: Өнөр жай блогу" жана "Сандар жана фактылар: Агроөнөр жай блогу" жыйнактарынан окуңуздар. 

Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелерине арналган "Сандар жана фактылар – 2020" деп аталган жаңы жыйнактан 2019-жылда келип түшкөн арыздар, атаандаштык эрежелерин бузуу белгилерин жоюу боюнча сунуштар, иликтөөлөр жана атаандаштык эрежелерин бузгандык жөнүндө иштер тууралуу маалыматтарды алууга болот.

Комиссия жаңы "жумшак жөнгө салуу" аспаптарын киргизүүдө – эскертүүлөрдү берүү. Атаандаштыкты адвокаттоонун алкагында бизнес менен иштешүү аянтчасы – Комиссиянын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун Коомдук кабылдамасы өзүн мыкты жактан көрсөттү. 2019-жылда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 23 шаарында отурумдар өткөрүлүп, аларга мүчө мамлекеттердин 650дөн ашуун компанияларынын өкүлдөрү катышышты. Аталган отурумдарда атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Комиссия анын үстүнөн иштеп жаткан дагы бир тема – ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн жеткирүүчүлөрүнө Евразия экономикалык бирлигиндеги мамлекеттик сатып алууларга жетүүнүн бирдей шарттарын камсыз кылуу.

2019-жылда транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуулардын көлөмү жалпы ЕАЭБ боюнча 11,4 млрд тоннаны (2014-жылга салыштырмалуу + 5,6%), ал эми жалпы ЕАЭБ боюнча жүргүнчүлөрдү ташуулардын көлөмү 2019-жылда 38,5 млрд адамды (2014-жылга салыштырмалуу + 6,1%) түзгөндүгүн билесизби? Бул маалыматты "Сандар жана фактылар: Энергетика жана инфраструктура" жыйнагынан табууга болот. Анда ЕЭКтин энергетика жаатындагы ишмердиги жөнүндө маалымат да көрсөтүлгөн. ЕАЭБдин газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторунун иштөөсүнүн негизги маселелери эл аралык келишимдерде регламенттелмекчи.

Бирликте бажылык маалыматтык технологиялардын өнүгүүсү, бажы инфраструктурасында маалыматтык технологияларды колдонуу, ЕАЭБдин алкагында тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү тутумун түзүү, ТЭИни жөнгө салуу тутумунда "бирдиктүү терезе" механизмин өнүктүрүү жана башкалар тууралуу "Сандар жана фактылар: Бажы кызматташтыгы" жыйнагынан окуңуздар. 

ЕАЭБде Бирликтин санариптик күн тартиби ишке ашырылууда. Бирликтин санариптештирүү долбоорлору: интеграцияланган маалыматтык тутум, бир түргө келтирилген "Чексиз жумуш" тутуму, ЕАЭБдин санариптик транспорт коридорлорунун экотутуму, чек ара аралык ишеним мейкиндиги жөнүндө билгиңиз келеби? – "Сандар жана фактылар: Ички рыноктор, маалыматташтыруу жана МКТ" жыйнагын окуңуз. Ошондой эле, жыйнак Комиссиянын товарларды тоскоолдуктарсыз эркин өткөрүү менен ички рыноктун иштөөсүнүн негиз болуучу принциптерин камсыз кылуу боюнча иши жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Http://www.eurasiancommission.org/ru/Pages/library.aspx ​ шилтемеси боюнча жыйнактардан көбүрөөк окуп билиңиз.