Sign In
Венесуэла ЕАЭБде интеграциянын өнүгүүсүнө кызыгуусун билдирүүдө

Венесуэла ЕАЭБде интеграциянын өнүгүүсүнө кызыгуусун билдирүүдө

26.11.20
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян жана Венесуэланын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Карлос Рафаэль Фариа Тортоса Евразия экономикалык бирлигинин жана Венесуэла Боливария Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты. 

ЕЭК өкүлү евразиялык интеграциянын өнүгүүсүнүн учурдагы абалы, ошондой эле Бирликтин эл аралык кызматташтыгынын географиясы жана механизмдери жөнүндө айтып берди.

"ЕАЭБ иштеп баштагандан тарта Латын Америкасынын өлкөлөрү жана бирикмелери Комиссия менен диалогго чоң кызыгуусун көрсөтүп келет. Күн тартибине, эреже катары, экономиканын тигил же бул чөйрөсүн Бирликтин алкагында улуттан жогорку жөнгө салууга байланыштуу максималдуу түрдө колдонмо маселелер кирет", – деди Гоар Барсегян.

Элчи өз кезегинде венесуэлалык тараптын Бирлик менен жана анын жөнгө салуучу органы болуп саналган Комиссия менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтулуусун белгиледи, ошондой эле Венесуэла экспортту диверсификациялоого жана жаңы рынокторго чыгууга кызыкдар экендигине басым жасап өттү. Ошондой эле, ал дүйнөдөгү эпидемиологиялык жагдай жакшырып, авиакаттамдар калыбына келтирилгенден кийин Каракаста ЕАЭБдин презентациясын өткөрүү жөнүндө сунушун айтты. 

Гоар Барсегян Венесуэланын өкүлдөрүн Бирликтин линиясы боюнча өткөрүлгөн негизги конгресстик-көргөзмө иш-чараларда катышууга чакырды, ал жерде Венесуэланын расмий жана ишкердик коомдоштуктарынын өкүлдөрү ЕАЭБдин ишмердиги, анын эл аралык күн тартиби менен кеңирирээк таанышып, бизнес линиясы боюнча байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.​