Sign In
ЕАЭБ Евразиядагы бизнес үчүн жөнгө салуучу маселелерди жакындаштыруу үчүн аянтча сунуштоого даяр

ЕАЭБ Евразиядагы бизнес үчүн жөнгө салуучу маселелерди жакындаштыруу үчүн аянтча сунуштоого даяр

23.10.20
Евразиялык экономикалык бирлиги жөнгө салуучу ыкмаларды жакындаштыруу, байланышты өнүктүрүү жана кызматташтыкты кеңейтүү максатында, континенттеги алдыңкы экономикалардын консультацияларын уюштуруу жана көмөктөшүү аянтчасы боло алат. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев Верона шаарында өткөрүлгөн Евразия экономикалык форумунун алкагында "Структуралык экономикалык кризис жана пандемия: жаңы геосаясий жана социалдык-экономикалык тартипти издөө (Европа, Евразия, АКШ, Кытай)" сессиясында сүйлөп жатып билдирди. 

Министр Евразия экономикаларын инфраструктура, санариптештирүү жана стандарттар чөйрөсүндө жакындаштырууну камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи. "Саламаттыкты сактоо чөйрөсү же климаттын күн тартиби сыяктуу глобалдык чакырыктарга жооптордун айкалышта болушу зарыл", - деди ал. Андрей Слепнев баса белгилегендей,  бул маселелер ЕАЭБ үчүн өтө маанилүү, анткени бирикменин ири өнөктөштөрү Европа бирлиги жана Кытай болуп саналат. 

Министрдин пикири боюнча, бул чөйрөлөрдөгү шайкештик маселелери боюнча практикалык жылыштар табигый түрдө өз ара аракеттенүүнү саясий тегиздиктен практикалыкка алып келет. Бирлик бардык өлкөлөр менен жана экономикалык өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактары боюнча диалог жүргүзүүгө даяр. 

Андрей Слепнев Евразиядагы глобалдык интеграцияга биринчи кадам катары ЕАЭБ, ЕБ жана Кытай ортосунда техникалык стандарттар боюнча консультацияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып жатып, ЕЭК бул маселелер менен алектенип жаткандыгын эске салды. Атап айтканда, 26-27-октябрда “Евразия экономикалык бирлигин жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин айкалыштыруу” видеофоруму өткөрүлөт, анда мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн, эксперттердин жана ишкерлердин катышуусунда ушул маселелер боюнча кеңири талкуу болот. 

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндөгү кайчылаш пикир жабык экономиканы же Чоң Евразиянын контекстинде аймактык интеграцияны тандоого байланыштуу. "Алгач жазында жана жайында пайда болгон обочолонуу тенденциясы ушул күнгө чейин уланып, чыр-чатактын потенциалы өсүп жатканы кооптондурат. Мындан тышкары, пайда болгон изоляциянын алкагында түзүлгөн жаңы технологиялык тартипте COVID-19дан кийин экономикаларды кайра чогултуу боюнча пикирлер көбөйүүдө", - деп Андрей Слепнев өзүнүн кооптонуулары менен бөлүштү.

Буга байланыштуу, ал ЕАЭБ көптөгөн башка өлкөлөргө жана бирикмелерге караганда өзүн-өзү камсыздоо логикасына жакшыраак даяр экендигине көңүл бурду. Ошол эле учурда, жалпы кырдаал олуттуу тынчсызданууну жаратат: BCG эсептөөлөрү боюнча, обочолонуу модели 2025-жылга чейин ИДПнын жоготууларын 10 триллион АКШ долларына чейин алып келиши мүмкүн. "Биз көрө турган, биз карманган жана ошондой эле биздин стратегиянын долбоорунда камтылган жооп - бул экономикалык байланыштарды, экономикалардын айкалышын өнүктүрүү, жана чечимдердин атаандаштыгы жана жигердүү кызматташтык шарттарында жаңы технологиялык тартипке өтүүгө көмөктөшө турган биргелешкен аракеттер", - деп жыйынтыктады Андрей Слепнев.​