Sign In
Немец бизнесине ЕАЭБ рыногунда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдалануу сунушталды

Немец бизнесине ЕАЭБ рыногунда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдалануу сунушталды

23.10.20


Евразиялык экономикалык комиссия негизги аймактык интеграциялык бирикмелер менен мамлекеттердин ортосунда диалог түзүү менен Чоң Евразиялык мейкиндиктин алкагында өз ара аракеттенүүнү жигердештирүүнү сунуштайт. Бул туурасында ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян 22-октябрда ЕАЭБде немец бизнеси үчүн "Евразия экономикалык бирлиги: мааниси, жетишкендиктери, өнүгүү келечеги" IV конференциясында билдирди. 

Гоар Барсегян белгилегендей, пандемия учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышын ооздуктоо чараларын көрүү гана эмес, ошондой эле түзүлгөн экономикалык байланыштардын бузулушуна жол бербөө зарыл. "Биз ЕАЭБде кайра протекционизмге жол бере албайбыз. Тескерисинче, биз ички рыноктогу экономикалык тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү жоюу жолундабыз”, - деди Гоар Барсегян.

Ошондой эле, интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору ЕЭК бүткүл Евразия континентинде бизнести өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жаткандыгын белгиледи. Бул тема европалык бизнес үчүн да түшүнүктүү. Меморандум форматында жүзөгө ашырылган, Лиссабондон Владивостокко чейинки бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү демилгесине ЕАЭБ рыногунда иштеген чет элдик капиталдын катышуусу менен дагы алты компаниянын кошулушу мунун ырастоосу болуп саналат. Бул меморандумга кол койгондордун саны 107ге жетти. Демилгенин алкагында жумушчу топтордун отурумдары өткөрүлүүдө.

Россия-Германия тышкы соода палатасынын коммуникация департаментинин директору Торстен Гутманн билдирген конференциянын катышуучуларынын жалпы пикири боюнча, Евразия экономикалык бирлиги - бүгүнкү күндө чоң бизнес мүмкүнчүлүктөрүнүн мейкиндиги. "Бул саясий эмес долбоор катышуучулар үчүн товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын, жумушчу күчүнүн эркин кыймылы, ошондой эле санариптештирүү, стандартташтыруу жана башка чөйрөлөрдө узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен көптөгөн артыкчылыктарды алып келет. Дүйнөдө протекционисттик тенденциялар болуп жаткан учурда биз Европа бирлиги менен катарлаш өнүгүп жаткан, бизнес үчүн ачык жана кызыктуу болгон бул долбоордун иштешин кубаттайбыз", - деди Торстен Гутманн.

Маалымат

Конференция ЕАЭБдеги немец экономикасынын тышкы соода өкүлчүлүктөрү тарабынан жыл сайын уюштурулат.

Иш-чарага Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РСПП) президенти Александр Шохин, Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын каржы-өнөр жай жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин төрагасы Владимир Гамза, Росэксимбанк АК башкармалыгынын төрагасы Азер Талыбов, Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян, "Коммерцбанк (Евразия) АК" башкармалыгынын төрагасы Михаэль Рошер, Raex рейтинг агенттигинин башкы директору Дмитрий Гришанков жана башка эксперттер катышышты.

900дөн ашуун мүчө-компаниялары бар Россия-Германиянын тышкы соода палатасы (ТСП) Россиядагы эң ири жана тездик менен өнүгүп келе жаткан чет элдик ишкерлер ассоциациясы болуп саналат. Германиянын экономикасынын Беларусь Республикасындагы (Минск) жана Борбордук Азиядагы (Алматы) Өкүлчүлүктөрү менен биргеликте ТСП ЕАЭБдин аймагында германиялык экономиканын кызыкчылыктарын коргойт.

2017-жылдан бери ТСП Лиссабондон Владивостокко чейинки бирдиктүү экономикалык мейкиндикти өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун тең негиздөөчүсү жана жигердүү мүчөсү болуп саналат, жана бул демилгеге Европанын жана ЕАЭБдин жалпы өз ара пайдалуу келечегинин баалуулуктарын бөлүшкөн компанияларды жана уюмдарды тартат.

ЕЭК жана ТСП өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуулары туруктуу негизде өткөрүлүп турат.​