Sign In
ЕАЭБ 2021-2022-жылдар мезгилинде тоскоолдуктарды четтетүү боюнча жаңы "жол картасын" түзө баштады

ЕАЭБ 2021-2022-жылдар мезгилинде тоскоолдуктарды четтетүү боюнча жаңы "жол картасын" түзө баштады

13.10.20
Евразия экономикалык комиссиясы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тапшырмасы боюнча, өлкөлөр 2021–2022-жылдары четтетүүнү пландаштырган алып коюулардын жана чектөөлөрдүн тизмесин түзөт. 

Документке өлкөлөр үчүн эң актуалдуу жана олуттуу тоскоолдуктар киргизилет. Мындан тышкары, "бешилтик" өкмөт башчылары Комиссиянын Кеңешин ушул тоскоолдуктарды четтетүүгө багытталган иш-аракеттер планын түзүүгө жигердүү тартууда. 

Комиссиянын Кеңеши тоскоолдуктардын тизмеси бекитилген күндөн тартып үч айдын ичинде, аларды четтетүү үчүн тиешелүү "жол картасын" кабыл алышы керек.

Катышуучу өлкөлөрдүн премьер-министрлери ЕЭКтин жаңы "жол картасын" түзүү сунушун колдоо менен, Бирликтин ички рыногу минималдуу тоскоолдуктар менен иштешин камсыз кылууга болгон умтулууларын, ошондой эле өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен компромисстерди издөөгө даяр экендигин көрсөтүшөт.

"Алып коюулардын жана чектөөлөрдүн тизмесин бекитүү жана аларды жоюуга багытталган, эки жылдык мөөнөткө "жол карталарын" түзүү, тоскоолдуктар менен күрөшүүдө тутумдуу мамилени камсыз кылат. Өкмөттөр аралык кеңештин жана Комиссиянын мындай ачык-айкын жана ырааттуу иши Бирлик өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштугуна Бирликтин мейкиндигинде өз иштерин пландаштырууга жана божомолдоого жардам берет”, - деп белгиледи ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар министри Гегам Варданян.​