Sign In
Баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө өз ара уруксат берүү Бирликтин өлкөлөрүндөгү биржалык сооданы активдештирет

Баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө өз ара уруксат берүү Бирликтин өлкөлөрүндөгү биржалык сооданы активдештирет

03.09.20

Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттериндеги уюшулган тооруктартарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө өз ара уруксат берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун, ошондой эле ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү жана анын иштөө маселелерин талкуулашты. Аталган отурум Евразия экономикалык комиссиясынын Москвадагы штаб-квартирасында видеоконференция режиминде ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы астында болуп өттү. 

 

"Макулдашуу Бирликтин биржа мейкиндигинде эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана жүгүртүү эркиндигин камсыз кылууга, биржа тарабынан жогорку категориядагы котировкалоо тизмесине таандык кылынган тизмедеги баалуу кагаздардын ЕАЭБдин башка мүчө мамлекеттеринин уюшулган тооруктарда катышуусуна өз ара уруксат берүүнү камсыз кылууга багытталган", – деди Тимур Жаксылыков.

 

Макулдашуу Бирликтин өлкөлөрүнүн эмитенттерине ЕАЭБдин кайсы болбосун фонд биржасына чыгууга мүмкүнчүлүк берет, натыйжада алар инвестициялык ресурстарга кеңири жеткиликтүүлүктү алышат, ал эми бул эмитенттер үчүн фонддоонун наркын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. "Ошентип, брокер, өзүнүн биржасынан кетпей жатып эле, кошумча чыгымдарсыз, өзүнүн бардык кызыкдар болгон кардарларына инвестициялоонун жаңы объектилерине, Бирликтин өлкөлөрүндөгү баалуу кагаздардын ишенимдүү эмитенттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылат", – деп Тимур Жаксылыков баса белгиледи.

 

Макулдашуунун долбоорунун үстүнөн иш Бирликтин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдырынын сын-пикирлерин эске алуу менен улантылат деп пландаштырылууда.

 

Ошондой эле, отурумдун катышуучулары баалуу кагаздардын эмиссияларынын проспектилерине карата талаптарды шайкеш келтирүү боюнча оптималдуу мамилелерди изилдөө боюнча техникалык тапшырманын долбоорун карап чыгышты.

 

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ЕЭКтин жана Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Дүйнөдө жаңы технологиялардын өнүгүшүнөн улам пайда болуп жаткан чакырыктар жана коркунучтар, ошондой эле мүчө мамлекеттердин жана жалпы эле Бирликтин экономикалык тутумдарын коргоону камсыз кылуу муктаждыгы ЕАЭБдин алдына кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатында жаңы милдеттерди коюуда. Консультативдик комитет ЕАТ менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумду түзүү сунушун колдоду. 

 

Россиялык тарап (Борбордук банк) каржы өнүмдөрүн сатуунун электрондук каналын – "Маркетплейс" тутумун уюштуруу тажрыйбасын көрсөттү. Долбоордун негизги артыкчылыктарынын арасында – географиялык чектөөлөрдү алып салуунун эсебинен каржылык жеткиликтүүлүк менен жагдайды жакшыртуу жана кеңири сандагы каржы өнүмдөрүнө алыстан жетүүнү камсыз кылуу. Анын өнүмдүк ассортименти банк салымдарын, мамлекеттик жана корпоративдик облигацияларды, үлүштөш инвестициялык фонддордун үлүштөш салымдарын, ОСАГО жана ипотекалык насыяларды камтымакчы. Келечекте өнүмдөрдүн линейкасы кредиттик, камсыздандыруу, инвестициялык жана башка каржылык өнүмдөрдүн эсебинен кеңейтилиши мүмкүн. 

 

Отурумдун катышуучулары Россия Банкынын сунушу боюнча ЕАЭБ жөнүндө келишимге лизингди каржылык кызмат көрсөтүү катары классификациялоо жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы тууралуу маселени талкуулашты. 

 

Ошондой эле, отурумдун жүрүшүндө Армения Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук тизмектеринен банк салымдарын милдеттүү кепилдөөнү ишке ашырган уюмдарды түзүү жана алардын ишмердигине карата чектөөлөрдү алып салуу боюнча сунуштар жана башка маселелер талкууланды.