Sign In
ЕЭК жана Россиянын Федералдык бажы кызматы евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки багыттарын аныктаган стратегиялык планды даярдоодогу мамилелерди талкуулашты

ЕЭК жана Россиянын Федералдык бажы кызматы евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки багыттарын аныктаган стратегиялык планды даярдоодогу мамилелерди талкуулашты

551A0756_новый размер.JPG
03.09.20

Келишпестиктерди жана талаш жагдайларды жоюу жана Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) товарлардын эркин өткөрүлүшүн камсыз кылуу маселелери боюнча Комитеттин кезектеги отурумунун алдында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) Олег Панкратовдун жана Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Руслан Давыдовдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү. 

 

Тараптар ведомстволордун ортосундагы келишпестиктерди жана талаш жагдайларды жоюу үчүн зарыл болгон иш-чаралардын тизмегин түзүү маселелерин, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын даярдоодогу мамилелерди талкуулашты. 

 

Олег Панкратов 2025-жылга чейинки мезгилге карата ишмердиктин стратегиялык планында бажы кызматтары үчүн да, бизнес үчүн да актуалдуу болуп саналган бардык иш-чаралар, ошондой эле ишмердиктин перспективдүү багыттары камтылмакчы деп белгиледи. 

 

Руслан Давыдов, өз кезегинде, стратегиялык багыттарды түзүүдө бажылык тескөө-башкаруунун эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларын эске алуу зарыл деген пикирин билдирди. 

 

ЕЭК министри кесиптешин Бирликте ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоо боюнча иштин жүрүшү жана аны даярдоодо Комиссия тарабынан колдонулган мамилелер тууралуу маалымдады. Жалпысынан документти даярдоо аягына чыкты, бирок тараптардын эксперттеринде айрым келишпестиктер калууда, аларды жакынкы убакытта жоюу пландаштырылууда. 

 

Тараптар Россиянын Федералдык бажы кызматынын жана Армения Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитетинин анын ушул жылдын 10-августунда болуп өткөн экинчи отурумунун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган тийиштүү чараларды ишке ашыруу боюнча ишиндеги оң динамиканы белгилешти. 

 

Тараптар жасалган иштин натыйжалары менен канааттандыгын билдиришти жана евразиялык интеграциянын учурдагы маселелеринин бүткүл спектри боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу жөнүндө келишишти.