Sign In
ЕАЭБде товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эл аралык келишим иштелип чыкмакчы

ЕАЭБде товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эл аралык келишим иштелип чыкмакчы

21.07.20
20-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕЭК Коллегиясына Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өкмөттөрү менен биргеликте Бирликтин эки же андан көп мамлекетинин аймактары боюнча товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эл аралык келишимдин долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. 

ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Олег Панкратов баса белгилеп өткөндөй, буга чейин Бирликтин бажы кызматтарынын Бириккен коллегиясы бирдиктүү транзит тутуму жөнүндө Макулдашуунун алкактык долбоорун даярдаган. Мындан сырткары, навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперименттер жүргүзүлгөн. 

"Россиялык тараптан макулдашууну бир кыйла глобалдуу кылуу, ага бажылык транзит маселелери боюнча комлекстүү мамилени киргизүү жөнүндө сунуш келип түштү. Биз өзүбүз тараптан биринчи кезекте навигациялык пломбаларды колдонууга байланыштуу маселени чечүүнү, анын ичинде бажы максаттары үчүн гана эмес, жана ошол эле мезгилде мындай документти даярдоону сунуш кылабыз", – деди Олег Панкратов.

Тараптар Коллегиянын сунушун колдоого алышты. Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эл аралык келишим ушул жылдын октябрь айына чейин даярдалат пландаштырылууда.