Sign In
ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору болуп Гоар Барсегян дайындалды

ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору болуп Гоар Барсегян дайындалды

21.07.20
Гоар Ашотовна Барсегян Ереван мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетин жана Венадагы Дипломатия академиясын (Австрия) бүтүргөн. 

Армения Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын тышкы байланыштар департаментинде жана Армения Республикасындагы адамдын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу аппараттын тышкы байланыштар департаментинде ар кандай кызматтарда иштеген. 

Ошондой эле, Гоар Барсегян Армения Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы болгон. 

2017-2020-жылдарда чейин Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басарынын кызматын ээлеп турган. 

2020-жылдын 22-июлунан тарта  ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындалды.