2019-жылда Евразия экономикалык
бирлигинин бардык өлкөлөрүндө өнөр жай өндүрүшүнүн, аткарылган курулуш
иштеринин көлөмүнүн, жүргүнчү жүгүртүмүнүн, чекене соода жүгүртүмүнүн өсүшү
байкалган. Мындай маалыматтар ЕЭКтин Статистика департаменти тарабынан даярдалган
ЕАЭБдин негизги социалдык-экономикалык
серебинде келтирилет.
2019-жылда ЕАЭБдеги өнөр жай
өндүрүшүнүн көлөмү 1,2 трлн АКШ долларын түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу
туруктуу баалар менен алганда 2,5%га өскөн. ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн
түзүмүндө 2019-жылда эң жогорку салыштырма салмакты иштетүү өнөр жайы ээледи –
63,1%.
2019-жылда ЕАЭБ мамлекеттеринин
айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 120 млрд АКШ долларын түзгөн жана 2018-жылга
салыштырмалуу 3,4%га өскөн.
ЕАЭБ мамлекеттеринде 2019-жылда
аткарылган курулуш иштеринин көлөмү 159,8 млрд АКШ долларын түздү, бул туруктуу
баалар менен алганда 2018-жылга салыштырмалуу 1,5%га жогору. 2019-жылы ЕАЭБ
өлкөлөрүндө 97,9 млн чарчы метр жалпы турак жай аянты пайдаланууга киргизилген,
бул 2018-жылга салыштырмалуу 4,2 млн чарчы метрге, же 4,4%га көп.
2019-жылда ЕАЭБ мамлекеттеринин
транспорту менен ташуулар 12 997,8 млн тоннаны түзгөн жана 2018-жылга
салыштырмалуу 1,9%га өскөн. Жүк ташуулардын көлөмү (куур транспортунан
сырткары) 2,3%га өсүү менен 11 440,8 млн тоннаны түзгөн.
2019-жылда жүргүнчүлөрдү
ташуулардын көлөмү 38,5 млрд адамды түздү, бул 2018-жылга салыштырмалуу 1,8%га
көп. ЕАЭБ мамлекеттеринин жүргүнчү жүгүртүмү бир жылдын ичинде 6,5%га өсүп,
908,9 млрд жүргүнчү-километрди түздү.
2019-жылда ЕАЭБ мамлекеттеринин
чекене соодасынын көлөмү 580,1 млрд АКШ долларын түздү. 2018-жылдын ушундай эле
мезгил аралыгына салыштырмалуу чекене сооданын көлөмү салыштырма бааларда 2%га
өскөн.
ЕАЭБ мамлекеттеринин товарлары
менен өз ара сооданын көлөмү 2019-жылда 55,3 млрд АКШ долларын, же 2018-жылдын
деңгээлине карата 100,2% түздү. ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара соодасынын
түзүмүндө эң жогорку салыштырма салмакты минералдык заттар ээлейт – 25,7%,
машиналарды, жабдууларды жана транспорт каражаттарын жеткирүүлөр – 19,8%,
азык-түлүк товарларын жана айыл чарба чийки затын жеткирүүлөр – 15,6%, ошондой
эле металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды жеткирүүлөр – 12,9%.