Sign In
ЕЭК жана А.А. Громыко атындагы Тышкы саясий изилдөөлөр ассоциациясы 2020-жылга карата кызматташтык планын бекитишти

ЕЭК жана А.А. Громыко атындагы Тышкы саясий изилдөөлөр ассоциациясы 2020-жылга карата кызматташтык планын бекитишти

26.12.19

Документти Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана А.А. Громыко атындагы Тышкы саясий изилдөөлөр ассоциациясынын (ТИА) Төрагасы, Россия илимдер академиясынын Европа Институтунун директору Алексей Громыко 25-декабрда ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында болуп өткөн жолугушуунун жүрүшүндө бекитишти.

Кызматташуу программасына Ассоциациянын демилгелерин ишке ашыруу жана аларды ЕЭК тараптан коштоо кирет. Атап айтканда, жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын Евразия тематикасы боюнча квалификациясын жогорулатуу программасы, жаш эл аралык кызматташтык адистеринин конкурсу, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

"Силердин демилгелериңерде илимий курам бар, анын максаты – жаштарды изилдөөлөргө тартуу. Бул биздин, Евразия экономикалык бирлигин бекемдөөнүн маанилүү багыты болуп саналган, евразиялык элитаны түзүү боюнча ишибизге ылайык келет. Бирликтин идеяларын коомго таратуучу адамдардан көп нерсе көз каранды. Биздин бирикменин идеясын кимдер тарабынан илгерилетилиши маанилүү. Бул кызматташтык бизге туура адамдарды табууга жана аларды Евразия идеясына ээликтирүүгө жардам берет деп үмүттөнөм", – деди Тигран Саркисян.

Алексей Громыко ЕЭК Коллегиясынын Төрагасына Ассоциациянын демилгелерин колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Биздин демилгелердин көпчүлүк бөлүгү жаштарга, башкача айтканда, жакынкы келечекте Евразия мейкиндигин жакшыртуу маселелерин чечүүчү адамдарга багытталган. Андыктан биздин демилгелер, биринчи кезекте, жаш муундардын арасында евразиялык интеграция идеясын илгерилетүүгө тиешелүү", – деди Алексей Громыко.

Жолугушуунун катышуучулары кийинки жылдын негизги долбоорлорун талкуулашты. Атап айтканда, Ассоциациянын аткаруучу директору, Мамлекеттик гуманитардык илимдер академиялык университетинин проректору, "Евразия.Эксперт" порталынын башкы редактору Вячеслав Сутырин жаштардын ЕЭКтеги эксперттик жолугушууларынын жана башка өлкөлөрдүн жаштарын Евразия күн тартибине тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.