Sign In
ЖЕЭК жыйынтыктары: Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногу иштеп баштаганга чейин аткаруу зарыл болгон иш-чаралардын планы бекитилди

ЖЕЭК жыйынтыктары: Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногу иштеп баштаганга чейин аткаруу зарыл болгон иш-чаралардын планы бекитилди

20.12.19

20-декабрда Санкт-Петербургда (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отуруму болуп өттү. Отурумда Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти, ЖЕЭКтин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы катары – Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышышты.

ЖЕЭК мүчөлөрү евразиялык интеграцияны, жалпы эмгек рыногун, кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун өнүктүрүү, ЕАЭБдин ички рыногунун иши, атаандаштык, энергетика маселелерин карап чыгышты. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногу иштеп баштаганга чейин аткаруу зарыл болгон иш-чаралардын планы бекитилди, евразиялык интеграция маселелери боюнча бир катар башка маанилүү чечимдер кабыл алынды.

ЖЕЭКтин отурумунда төрагалык кылып жаткан Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян евразиялык интеграциянын 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын айрым принциптүү маселелери каралды деп белгиледи. Анын айтуусу боюнча, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлушу "Бирликтин эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногунун натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүү процессиндеги олуттуу прогресс" болуп саналат. Ошондой эле, ЖЕЭК мүчөлөрү Бирликтин ички рыногунун ишинин алкагында тоскоолдуктарды жоюу боюнча ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ишинин жүрүшү жөнүндө маселени карап чыгышты.

Никол Пашинян Армениянын ЕАЭБдеги төрагалыгынын жыйынтыктарын чыгарды. "Бирликтин тышкы экономикалык байланыштарын кеңейтүү жагынан алганда Армениянын төрагалыгы үзүрлүү болгондугу айкын. Белгилүү болгондой, Кытай менен Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу жана Иран менен эркин соода аймагын түзүүгө алып барган макулдашуу күчүнө кирди", – деди ал.

Ушул жылдын октябрь айында Ереванда Евразия экономикалык форумун өткөрүү салтына негиз салынды. Келечекте мындай иш-чаралар төрагалык кылган өлкөдө өткөрүлмөкчү.

Бирликтин жалпы электроэнергия рыногун түзүү боюнча Эл аралык келишим жактырылды, ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү концепциясы бекитилди. Биринчи "Евразия өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялар трансфери тармагы" санариптик долбооруна башат коюлду жана зер буюмдарынын бирдиктүү рыногун түзүү боюнча прогресске жетүү мүмкүн болду.

"Бүгүнкү күндө Армения биздин ар бир өлкөгө ири интеграциялык долбоорлордун бирине кураторлук кылууну сунуш кылуу демилгеси менен чыгууда. Биз Евразия бирлигинин зер брендин түзүү программасын ишке ашырууну координациялоого даярдыгыбызды билдирдик", – деп Никол Пашинян баса белгиледи.

ЖЕЭК мүчөлөрү Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Документ күчүнө киргенден кийин Бирликтин эмгекчилери өзүнүн мекенинде иштеген мезгил үчүн гана эмес, ЕАЭБдин башка мамлекеттеринде иштеген мезгил үчүн да пенсия алышат. Комиссия Бирликтин мамлекеттери менен биргеликте Макулдашуунун үстүнөн 2014-жылдан тарта иштеп келген.

Ар бир мамлекет пенсияны өзүнүн мыйзамдарына ылайык төлөйт. Макулдашууда анын аракети жайылтылган пенсиялардын түрлөрү, ошондой эле экспорттолуучу пенсиялардын түрлөрү аныкталган.

Азыркы учурга чейин Бирликтин өлкөлөрүнүн пенсиялык тутумдарынын ар түрдүүлүгүнөн улам, айрым өлкөлөрдө эмгек мигранттарынын пенсиялык укуктары калыптанбай келген. Мындай иш-тажрыйба бар болгон өлкөлөрдө эмгекчилер өз мекенине кайтканда аларды ишке ашыра алышкан эмес.

ЖЕЭК мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электроэнергия рыногу иштеп баштаганга чейин аткаруу зарыл болгон иш-чаралардын планын бекитти. Аны рыноктун иштөөсүнүн төрт эрежеси күчүнө киргенде, 2025-жылдын 1-январынан кеч эмес баштоо пландаштырылууда.

Эрежелерди кабыл алуудан сырткары, иш-чаралардын планында мамлекеттер аралык электр тармактарын өнүктүрүү жөнүндө жоболорду, кошулуу жөнүндө келишимдин формаларын, Бирликтин жалпы электроэнергия рыногунда электр энергиясы менен борборлоштурулган соода жүргүзүүнүн регламенттерин жана бир катар башка ченемдик актыларды бекитүү каралган. Ошондой эле, планда Бирликтин жалпы электроэнергия рыногунун технологиялык негизине, анын ичинде электр энергиясы менен электрондук соода жүргүзүүгө тесттик сыноолорду өткөрүү жөнүндө айтылган.

Жалпы электроэнергия рыногунун түзүлүшү, ЕАЭБдин бардык электр энергиясын дүң сатуучуларына жана сатып алуучуларына электр энергиясы менен өз ара соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кепилдөө менен, Бирликтин эң масштабдуу интеграциялык долбоорлорунун бири болуп саналат. Бул электр станцияларына сатуу рыногун чоңойтууга, ал эми ири керектөөчүлөргө жана энергия сатуучу компанияларга электр энергиясын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрдөн кыйла пайдалуу баада сатып алууга мүмкүндүк берет.

Эки тараптуу келишимдер боюнча соодадан сырткары, электр энергиясы менен борборлоштурулган (биржа механизмдерин пайдалануу менен) соода жүргүзүү уюштурулмакчы. Аны уюштуруу үчүн учурда Россияда жана Казакстанда бар болгон аянтчалар ишке тартылышы мүмкүн. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун ишин камсыз кылуу боюнча ишти активдештирүү тапшырылды.

ЕАЭБдин бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногу 2015-жылдын 1-январында иштей баштаган. Бүгүнкү күндө анын иши 53 секторду камтыйт, жана ал либералдаштыруу пландарын ишке ашыруунун эсебинен кеңейүүдө.

ЖЕЭК мүчөлөрү либералдаштыруу пландары менен каралган иш-чаралардын аткарылышына мониторингдин натыйжалары, жана алардын аткарылышына контроль жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө ЕЭКтин баяндамасын карап чыгышты.

Баяндаманын жыйынтыктары боюнча ЖЕЭК Бирликтин өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө жана ЕЭКке, кызмат көрсөтүүлөрдүн тоскоолдуктарсыз бирдиктүү рыногунун ишинин башталышын эң кыска мөөнөттөрдө камсыз кылуу зарылчылыгын эске алуу менен, либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды. Мындан сырткары, өкмөттөр ЕАЭБ органдарынын актыларын жана ЕАЭБ жөнүндө келишимдин кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногуна тиешелүү жоболорун аткаруу боюнча чараларды кабыл алууга тийиш.

ЖЕЭК мүчөлөрүнө ЕЭКтин өткөн төрт жыл ичиндеги ишмердигинин негизги натыйжалары жөнүндө маалымат көрсөтүлдү.

Негизгиси – көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу интеграциялык модели түзүлдү, Бирликтин бекемдиги жана жөндөмдүүлүгү камсыз кылынды. Евразия мейкиндигинде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумушчу күчтүн эркин кыймылын камсыз кылган улуттан жогорку мыйзамдардын олуттуу массиви түзүлдү. ЕАЭБдин товарлардын жалпы рыногу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногу иштөөдө. Капитал рыногу калыптануу баскычында турат жана банктык өз ара аракеттенүүнү гана эмес, камсыздандыруу рыногун, брокердик кызматтарды көрсөтүүнү, башкача айтканда, каржылык кызматтардын бүткүл спектрин камтымакчы. Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жалпы рыноктору түзүлдү, Бирликтин 48 техникалык регламенти кабыл алынды. Эми продукциянын коопсуздугуна жана сапатына бирдиктүү талаптар Бирликтин рыногундагы, Бирликтин тизмегине киргизилген товарлардын дээрлик 85% камтыды.

ЕАЭБдин санариптик күн тартиби Бирликти өнүктүрүүнүн акыркы жылдарда киргизилген алдыңкы багыты болуп калды. Аны 2025-жылга чейин ишке ашыруунун негизги багыттары бекитилди. Мунун экономикалык таасири ЕАЭБдин ИДӨсүн Бирликтин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсүнүн 2025-жылга карата күтүлгөн өсүшүнөн 10,6% чамасындай өлчөмдө көбөйтмөкчү. Потенциялдуу натыйжа санариптик күн тартибин ишке ашыруусуз мүчө мамлекеттердин санариптик өнүгүүсүнүн натыйжасында ИДӨнүн өсүшүнүн мүмкүн болгон өлчөмүнөн эки эсе ашат.

Интеграциянын эң маанилүү документи, Бирликтин Бажы кодекси кабыл алынды жана күчүнө кирди. Анын негизги новациялары бажылык тескөө-башкарууга заманбап электрондук технологиялардын киргизилиши, кагаз документтерди жүгүртүүнүн чыгарылышы, бардык процесстердин максималдуу санариптештирилиши менен байланыштуу.

2016-жылдан бери ЕАЭБдин жана Вьетнамдын ортосундагы эркин соода аймагы натыйжалуу иштеп келет. 2018-жылы Кытай жана Иран менен, 2019-жылы Сингапур жана Сербия менен соода келишимдери түзүлдү. Акыркы жылдардын ичинде Греция жана Корея Республикасы, Камбоджа жана Эквадор, Чили жана Монголия, Перу жана Иордания, Марокко жана Куба, Индонезия жана бир катар башка өлкөлөр менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдар түзүлдү. Комиссия негизги эл аралык профилдик түзүмдөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө – өз ара түшүнүшүү жөнүндө дээрлик 40 тармактык меморандумга кол коюлду.

ЕАЭБде жалпы электр энергиясынын, газдын, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү процесси жүрүп жатат. 2018–2019-жылдарда бул багытта алдыңкы жетишкендиктерди камсыз кылууга мүмкүн болду: 2018-жылы ЖЕЭК мүчөлөрү газдын, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү программаларын бекитти, ал эми 2019-жылы жалпы электроэнергия рыногун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларация кабыл алынды. Анда адамдар үчүн интеграциянын потенциалын ачып көрсөтүү, алардын жыргалчылыгын жана жашоо сапатын жогорулатуу каралган.

ЖЕЭК ЕЭКтин Иш регламентине, атап айтканда, Атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизди.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-октябрында ЖЕЭКтин отурумунда Бирликтин өлкөлөрүнүн башчылары ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюшкан эле. Протоколдо жалпы атаандаштык эрежелерин бузуу фактылары боюнча эскертүүлөрдү берүү жөнүндө тартипти, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъектилер ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 76-беренесинин 3-5-пункттарына ылайык жол берилбеген макулдашуулардын түзүлгөндүгү жөнүндө ыктыярдуу билдирген учурда жоопкерчиликтен бошотуунун тартибин иштеп чыгуу каралган.

2020-жылда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалык кылуучу өлкө катары Беларусь Республикасы аныкталды. Төрагалык Армениядан Беларуска өтмөкчү.

ЕЭКтин ар төрт жыл сайын дайындалуучу министрлеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу ЖЕЭК мүчөлөрү Комиссиянын Коллегиясынын жаңы курамын бекитишти. Мурдагыдай эле, Коллегияда Бирликтин ар бир өлкөсүнөн экиден өкүл болмокчу. ЕЭК Коллегиясынын жаңы курамы 2020-жылдын 1-февралында өз милдеттерин аткарууга киришет.

Ошол эле күндөн тарта ЕЭК Коллегиясынын жаңы Төрагасы өз кызматына киришмекчи. Жогорку Евразия экономикалык кеңеши аталган кызматка Беларусь Республикасынын өкүлү Михаил Мясниковичти төрт жылдык мөөнөткө дайындады. Ал буга чейин Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республика Кеңешинин Төрагасы болуп турган.

Тигран Саркисян Михаил Мясниковичти жана Комиссиянын Коллегиясынын жаңы курамын кызматка дайындалгандыгы менен куттуктады жана аларга үзүрлүү жана ийгиликтүү иш каалап өттү.

"Ошол эле мезгилде бардык мамлекет башчыларына биргелешкен иш үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет. Бирликти бекемдөө боюнча бизге коюлган маанилүү миссияны аткаруу үчүн, ЕАЭБдин бизнеси жана жарандары үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү үчүн иштөө биз үчүн чоң сыймык болду", – деп кошумчалады Тигран Саркисян. Ошондой эле, ал "Никол Пашинян айтып өткөн негизги жетишкендиктер, биздин жарандар жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен, чындыгында эле көптөгөн маселелер боюнча алга жылгандыгыбызды күбөлөндүрөт" деп белгиледи.

ЖЕЭК мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө сүйлөп жатып, ЕЭК Коллегиясынын башчысы "мамлекет башчылары кол койгон бүгүнкү чечимдер бул багытта олуттуу кадам жасашууда" деди". "Атап айтканда, Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу, биз жарандар үчүн жайлуу шарттарды жаратуу менен, өз максатыбызга жетип жаткандыгыбыз жөнүндө так жана айкын айтып турат, анткени мындан ары пенсия биздин пенсионерлердин артынан жүрөт, тескересиниче эмес", – деп Тигран Саркисян баса белгиледи.​