Sign In
ЕЭК Кеңеши кемелер үчүн күйүүчү майда күкүрттүн массалык үлүшүнүн 1,5% өлчөмдө камтылышы боюнча ченемдин аракетин узартты, ванадий оксидине жана гидроксидине карата алып келүү бажы алымынын коюмун нөлгө түшүрдү

ЕЭК Кеңеши кемелер үчүн күйүүчү майда күкүрттүн массалык үлүшүнүн 1,5% өлчөмдө камтылышы боюнча ченемдин аракетин узартты, ванадий оксидине жана гидроксидине карата алып келүү бажы алымынын коюмун нөлгө түшүрдү

20.12.19

19-декабрда Санкт-Петербургда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, ички рыноктун иши, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, бажылык-тарифтик жөнгө салуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу, атаандаштык, бажы саясаты, энергетика, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, эл аралык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыгышты.

ЕЭК Кеңеши авиакосмостук өнөр жайда колдонулуучу титан эритмелери үчүн пайдаланылган ванадий оксидине жана гидроксидине карата ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин алып келүү бажы алымынын коюмун 5%дан 0%га түшүрүлүшүн жактырды. Бул сунуш Россия Федерациясы тарабынан демилгеленген. Мындай чара ванадий лигатураларынын негизиндеги титан эритмелеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, аларды өндүрүү көлөмдөрүн жана мүчө мамлекеттердин мындай продукцияны даярдоо боюнча ишканаларынын өндүрүш кубаттуулуктарынын жүктөмүнүн деңгээлин жогорулатууга багытталган.

ЕЭК Кеңеши кемелер үчүн күйүүчү майда күкүрттүн массалык үлүшүнүн 1,5% өлчөмдө камтылышы боюнча ченемдин аракетин 2023-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Бул чечим ЕАЭБдеги ички суу жолдору менен ташуулардагы кемелерде колдонулуучу күйүүчү майга тиешелүү.

Рынокто жүгүртүлүп жаткан кемелер үчүн күйүүчү май Бирликтин "Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кемелер үчүн күйүүчү майга, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн күйүүчү майга, мазутка карата талаптар жөнүндө" техникалык регламентине шайкеш келиши зарыл. Техникалык регламентке ылайык, аталган мунай өнүмдөрүнүн негизги сапаттык мүнөздөмөсү болуп күкүрттүн массалык үлүшү саналат. Учурда ал 1,5%дан ашпашы зарыл. Бирок 2020-жылдын 1-январынан тарта бул талап күчөтүлүшү керек болот – аталган күйүүчү майдын кандай кемелерде колдонулушунан көз карандысыз, бул көрсөткүч 0,5%дан жогору эмес болууга тийиш.

Кемелер үчүн күйүүчү майдын негизги сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн өзгөрүшү бир катар терс таасирлерге, анын ичинде ага карата баалардын 25-40%га өсүшүнө, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички логистикасында катышкан кеме иштетүүчү компаниялардын банкроттугуна, жумуш орундарын жоготууга жана 2020-жылда айрым бассейндердеги навигациянын үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн болгондуктан, ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө ички суу жолдору менен ташууларга карата мындай жаңылык киргизүүнү убактысынан эрте деп тапты.

Кеңештин бул кабыл алган чечими эл аралык ташууларда колдонулуучу эл аралык ченемдерди, атап айтканда, 1973-жылдагы Кемелерден булгануунун алдын алуу боюнча эл аралык конвенцияны сактоого жана ички суу жолдору менен ташуулар тармагындагы оор социалдык-экономикалык кесепеттерди болтурбоого мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңеши Казакстан Республикасы үчүн сүт чийки затынын микробиологиялык көрсөткүчтөрүнө карата талаптарды кабыл алуу боюнча өткөөл мезгилди 2025-жылдын 1-январына чейин узартты.

Казакстандык тараптын маалыматы боюнча, учурда Казакстанда сүт чийки затын даярдоо тутумунун өнүгүү деңгээли Бирликтин "Сүттүн жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин мезофилдик аэробдук жана факультативдик-анаэробдук микроорганизмдердин (КМАФАнМ) жана соматикалык клеткалардын камтылышы боюнча талаптарын 2020-жылдын 1-январынан тарта аткарууга мүмкүндүк бербейт.

Казакстан Республикасы үчүн оптималдуу дата катары 2025-жылдын 1-январы аныкталды. Аталган мезгилге чейин өлкө тийиштүү улуттук "жол картасында" белгиленген бардык иш-чараларды аткармакчы, анын ичинде лабораториялык базаны жана кирүүчү чийки затты контролдоо иш-тажрыйбаларын өркүндөтмөкчү. Өткөөл талаптар боюнча өндүрүлгөн сүт продукциясы (сүт продукциясын өндүрүү үчүн колдонулган чийки сүт, майсыздандырылган чийки сүт, чийки каймак, ичүүчү жана кайра калыбына келтирилген сүттөн, чийки сүт продукциясынан, балдар тамак-ашынан, катуу сүр быштактардан, ак майдан сырткары) Казакстанда гана жүгүртүлмөкчү.

ЕАЭБдин "Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу башталды.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү ушул жылдын 29-мартында Комиссиянын Кеңешинин отурумунда жактырылган тескемеге кол коюшту, ал аталган техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана алардын долбоорун даядоо үчүн жооптуу жакты аныктайт. Атап айтканда, химиялык продукциянын айрым категорияларын тездетилген жол-жобо боюнча мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу каралган.

ЕЭК Кеңеши Комиссиянын Коллегиясына мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулардын улуттук режиминен кайталанган алып коюуну аныктоо механизмин иштеп чыгууну улантууну тапшырды.​