Sign In
КЭР менен маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирүүдө

КЭР менен маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирүүдө

TSR06403.JPG
20.11.20

2020-жылдын 21-ноябрында Евразия экономикалык бирлигинин жана Кытай Эл Республикасынын чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык ташуучу транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирмекчи. 

Маалымат алмашуунун катышуучулары Бирликтин мүчө мамлекеттеринин борбордук бажы органдары жана КЭРдин Башкы бажы башкармалыгы болмокчу.

 

Макулдашуу маалымат алмашууну баскычтар боюнча ишке ашырууга карата негизги мамилелерди аныктайт, ал эми деталдуу шарттар маалымат алмашуунун катышуучуларынын ортосунда түзүлүүчү өзүнчө протоколдордо белгиленет.

 

ЕЭК Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) Олег Панкратов мындай деп белгиледи: "Кытайлык кесиптештерибиз менен сүйлөшүүлөрдүн процессинде биз биздин өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын ортосундагы маалымат алмашуу соодага көмөк көрсөтүү жана товарларды чек ара аралык өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү деген түшүнүккө келдик. Жетишилген келишкендиктердин ишке ашырылышы бажы кызматтары үчүн да, тышкы экономикалык ишмердиктин ак ниет катышуучулары үчүн да пайдалуу болот деп ишенебиз".

 

Макулдашууну жакынкы убакытта ишке ашыруу үчүн Комиссия Бирликтин мүчө мамлекеттери менен биргеликте Бирликтин мүчө мамлекеттеринин борбордук бажы органдарынын жана КЭРдин Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Маалымат алмашууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө протоколдун долбоорун иштеп чыкты. 

 

2019-жылдын декабрь айында Харбин шаарында сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду өткөрүлүп, анын жүрүшүндө маалымат алмашууну баштапкы баскычта ишке ашырууну регламенттөөчү бир катар жоболор макулдашылган.

Учурда Протоколдун жоболорунун кем жерлерин иштеп чыгуу жана макулдашуу кытайлык тарап менен кат жазышуу аркылуу ишке ашырылууда. Дүйнөдөгү эпидемиологиялык жагдай жакшырып, чек аралар ачылгандан кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундун жана Протоколду кол коюуга даярдоо менен техникалык адистердин бир катар жолугушууларын өткөрүү пландаштырылууда.

 

Маалымат үчүн:

Евразия экономикалык бирлигинин жана Кытай Эл Республикасынын чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык ташуучу транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга 2019-жылдын 6-июнунда Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Бирликтин мүчө мамлекеттеринин Өкмөттөрүнүн төрагаларынын орун басарлары, Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы тарабынан кол коюлган.​