Sign In
ЕЭК жана Confindustria Russia Италия өнөр жайчылар ассоциациясы кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты

ЕЭК жана Confindustria Russia Италия өнөр жайчылар ассоциациясы кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты

20.11.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Confindustria Russia Италия өнөр жайчылар ассоциациясынын президенти Эрнесто Ферленги менен жолугушту. Аталган жолугушуу 19-ноябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы мындай жолугушуулар инвесторлордун Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ)  иштеши үчүн мүмкүн болушунча жайлуу шарттарды түзүү үчүн эмне кылынгандыгы жана эмне жетишпей жаткандыгы тууралуу пикир алмашууга мүмкүндүк берет деп баса белгиледи. 

"Биз, албетте, ЕАЭБдин аймагындагы долбоорлордо чет өлкөлүк бизнестин активдүү катышуусун  колдойбуз, алар менен мамиле куруу үчүн жакшы каналдарды түздүк. Бирликтин эң маанилүү милдеттеринин бири – ЕАЭБде иштеген ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Биз Европа бирлигинин бизнес-коомдоштугу менен тыгыз өз ара аракеттенүүгө даярбыз жана ишкердик коомдоштуктардын пикирин угууга кызыкдарбыз", – деп корутундулады Тигран Саркисян. 

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Европа бирлиги менен диалогду жолго коюу жөнүндө маалымат менен бөлүштү.

Өз кезегинде Эрнесто Ферленги италиялык компаниялардын Евразия экономикалык мейкиндигине өсүп жаткан кызыкчылыгын баса белгилеп өттү. "Биз Евразия экономикалык бирлигинин катышуучу өлкөлөрү менен активдүү кызматташабыз. Биздин бизнес ЕАЭБ рыногу ири экендигин жана аны андан ары өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экендигин көрүп турат. Эл аралык конъюнктурадагы айрым татаалдыктарга карабастан, биз бул диалог мындан ары да өнүгөт деп эсептейбиз. Биздин ассоциация ЕАЭБге бир катар европалык компанияларды алып келүүгө даяр", – деп кошумчалады Эрнесто Ферленги. Ошондой эле, ал Confindustria Russia Италия өнөр жайчылар ассоциациясы Комиссия менен активдүү кызматташтууну каалашын белгилеп өттү. 

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, өз кезегинде, ЕЭК Confindustria Russia менен активдүү диалогду жолго коюуга даяр экендигин тастыктады.