Sign In
2018-жылдын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБдин өнөр жай продукциясынын рыногу физикалык жана нарктык өлчөмдө өсүшүн улантты – 6,2% жана 2,2%га

2018-жылдын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБдин өнөр жай продукциясынын рыногу физикалык жана нарктык өлчөмдө өсүшүн улантты – 6,2% жана 2,2%га

20.11.19

 19-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы ички рыноктун иши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, транспорт, техникалык жана бажылык жөнгө салуу, өнөр жай чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыкты. 

ЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай продукциясынын рыногуна мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө баяндаманы жактырды.

Мындай баяндаманы даярдоо өнөр жай тармагындагы негизги стратегиялык документте – Бирликтин алкагындагы өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарында каралган.

Баяндама тармактар жана өлкөлөр боюнча өндүрүштү, өнөр жай товарлары менен тышкы жана өз ара сооданы салыштырууну камтыган, Бирликтин өнөр жай продукциясынын рыногунун параметрлерин комплекстүү талдоону камтыйт.

Ошондой эле, документте Комиссиянын өнөр жай блогу жүргүзгөн, мүчө мамлекеттердин ортосундагы кооперациялык жеткирүүлөрдү жана үчүнчү мамлекеттер менен сооданы толук талдоонун натыйжалары чагылдырылган.

2018-жылдын жыйынтыктары боюнча Бирликтин өнөр жай продукциясынын рыногу физикалык жана нарктык өлчөмдө өсүшүн улантты – тийиштүүлүгүнө жараша 6,2% жана 2,2%га.

2015-жылдан тарта өндүрүүчүлөрдүн алардын улуттук рынокторуна жеткирүүлөрүнүн өсүшүнүн, ошондой эле мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын аклагындагы өсүштүн эсебинен Бирликтин рыногунда импорттук өнөр жай продукциясынын болушунун акырындык менен төмөндөшү уланууда. Бул жагдай Бирликтин өлкөлөрү тарабынан өткөрүлгөн импортту алмаштыруу боюнча прогр

Бирликтин алкагындагы интеграциялык процесстер мүчө мамлекеттердин ортосундагы өнөр жай кооперациясынын өнүгүшүнө оң таасир берүүдө, анын натыйжасында 2018-жылы ЕАЭБге кооперациялык жеткирүүлөрдүн өсүшү өнөр жай өндүрүшүн өстүрүүнүн темптеринен ашкан.

Алсак, 2018-жылда мүчө мамлекеттердин ортосунда иштетүү өнөр жайындагы кооперациялык жеткирүүлөрдүн нарктык көлөмү 8,8%га өскөн, ошол эле мезгилде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү – 6,6%га.

ЕАЭБдин аймагында инновациялык, атаандаштыкка жөндөмдүү жана Бирликтин рыногунда талап кылынган өнөр жай продукциясын өндүрүүнү демилгелөөгө багытталган иш-аракеттерди координациясын камсыз кылуу максатында, баяндамада 6-орундуу товардык позициялардын деңгээлинде рынокту талдоо көрсөтүлгөн. Ал Бирликтин өлкөлөрүнүн органдарына, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнө жана керектөөчүлөрүнө интеграциялык бирикме боюнча өнөктөштөрдүн муктаждыктары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет, жана, мындан сырткары, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү үчүн өнөктөштөрдү издөөдө жардам берет.

ЕЭК Коллегиясы "Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 034/2013) карата стандарттардын актуалдаштырылган тизмектерин кабыл алды. 

Стандарттардын тизмектери Бирликтин мамлекеттеринин сунуштарынын негизинде, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын № 28 Чечими менен бекитилген, кайра иштетилбеген продукцияда алардын калдыктары камтылышы мүмкүн болгон ветеринардык дары-дармек каражаттарынын тизмегине киргизилген стандарттарды жана усулдарды эске алуу менен, ЕЭК тарабынан даярдалган.

Атап айтканда, тизмекке алгачкы жолу эт продукциясынын интеллектуалдык менчик объектилери болуп саналбаган 70 ойлонуп табылган аталыштары үчүн, мисалы, "Докторская", "Любительская", "Брауншвейгская" жана башкалар үчүн 20 мамлекеттер аралык стандарт кошулду.

Чечим 2020-жылдын 1-июнунан тарта расмий жарыялоо күнүнөн тарта күчүнө кирет. 

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБдин "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана өрт өчүрүү каражаттарына талаптар жөнүндө" техникалык регламентине (ЕАЭБ ТР 043/2017) карата стандарттардын тизмектерин кабыл алды.

Аталган регламент 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Стандарттардын тизмектери техникалык жөнгө салуу объектилеринин техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин баалоодо изилдөөлөрдү жана өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн керек.

ЕЭКтин Чечими стандарттардын тизмектерине мамлекеттер аралык стандарттарды, ошондой эле Беларусь Республикасынын мамлекеттик стандарттарын, Казакстан Республикасынын улуттук стандарттарын жана Россия Федерациясынын улуттук стандарттарын кошууну караштырат.