Sign In
ЕЭК кондитердик өнөр жай үчүн кургатылган кокос жаңгактарына импорттук алымдын коюмун нөлгө түшүрдү

ЕЭК кондитердик өнөр жай үчүн кургатылган кокос жаңгактарына импорттук алымдын коюмун нөлгө түшүрдү

20.10.20
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы кургатылган кокос жаңгактарына алып келүү бажы алымынын коюмун үч жылдык мөөнөткө 3% дан 0% га чейин төмөндөттү. Чечим Россия Федерациясынын демилгелүү сунушун кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.

Кургатылган жана майдаланган кокос жаңгактары (кокос кырындысы) ундан жасалган кондитердик азыктарынын айрым түрлөрүн, атап айтканда торт, токочторду жана печеньелерди өндүрүүдө колдонулат. Табигый-климаттык шарттарга байланыштуу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагында кокос пальмалары өспөгөндөн улам, кокос кырындысына болгон муктаждык импорттун эсебинен канааттандырылат.

Кабыл алынган чечим даяр продукцияны өндүрүүгө кеткен чыгымдарды төмөндөтүүгө, кокос кырындысы колдонулган азыктардын үлүшүн көбөйтүүгө, ошондой эле экспорттук рыноктордо ата мекендик кондитердик ишканалардын позицияларын бекемдөөгө багытталган.

"Кургатылган кокос жаңгактарына алып келүү бажы алымынын коюумунун төмөндөшү мүчө мамлекеттерде пандемия шартында төмөндөөнү көрсөткөн кондитердик азыктардын өндүрүлүшүнүн көлөмдөрүн калыбына келтирүүгө жардам бериши күтүлөт", - деди ЕЭКтин Бажы тарифтери жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Аталган чечим ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.​