Sign In
Куба ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдар

 Куба ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдар

20.09.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков Куба Республикасынын Соода палатасынын президенти Орландо Николас Эрнандес Гильен башында турган делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Аталган жолугушуу 20-сентябрда Комиссиянын Москвадагы штаб-квартирасында болуп өттү.

Коноктор менен саламдашып жатып, Тимур Жаксылыков Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Куба Республикасынын мамилелеринин эң жаңы тарыхында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлушу, ошондой эле Коллегиянын Төрагасы Тигран Саркисян башында турган ЕЭК делегациясынын Кубага сапары сыяктуу маанилүү иш-чаралардын аз эместигин белгиледи.

2018-жылдын натыйжалары боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин Куба менен өз ара соода жүргүзүүсү 417,5 млн АКШ долларын түзүү менен, 2017-жылга салыштырмалуу 11,5%га өскөн. Бирликтин өлкөлөрү Кубадан көбүнчө тамак-аш товарларын жана айыл чарба продукциясын импорттошот, жана машиналарды, жабдууларды жана транспорт каражаттарын экспорттошот.

Орландо Николас Эрнандес Гильен, өз кезегинде, кубалык тарап Беларусь Республикасы менен мамилелерди түзүүгө жетишкендигин белгиледи. Куба аталган өлкөгө дары-дармектерди жеткирет жана андан айыл чарба техникасын сатып алат. 

«Биз ЕАЭБдин бардык мамлекеттери менен кызматташтыкка, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдарбыз», – деди Орландо Николас Эрнандес Гильен.

Ошондой эле, ал 2020-жылы Кубанын ишкердик коомдоштуктарынын ЕАЭБ өлкөлөрү жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулган «Евразия жумалыгы» Эл аралык форумунда катышуусуна кызыкдар экендигин айтты. Эскерте кетсек, 2019-жылы аталган форум 25-27-сентябрда Бишкекте өткөрүлмөкчү. 

Тараптар ЕАЭБдин жана Кубанын элдеринин кызыкчылыгы үчүн өз ара аракеттенүүнү улантуу жөнүндө келишишти.

Маалымат
Евразия экономикалык комиссиясынын жана Куба Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча мурдагы министри Татьяна Валовая (учурда – БУУнун Женевадагы штаб-квартирасынын башчысы) жана Кубанын тышкы соода жана чет өлкөлүк инвестициялар министри Родриго Мальмерка Диас 2018-жылдын 31-майында Гаванада кол коюшкан. Меморандумга ылайык, ЕЭКтин жана Куба Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен комиссия түзүлгөн, ал алгачкы отурумун өткөрүп, жакынкы келечекке карата аракеттердин планын түзгөн. 2019-жылдын февраль айында Коллегиянын Төрагасы Тигран Саркисян башында турган ЕЭК делегациясы Куба Республикасына расмий сапарын жасаган.