Sign In
Карине Минасян: «ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктардын четтетилиши өз ара сооданын көлөмүн 2017-жылы 27%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берди»

Карине Минасян: «ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктардын четтетилиши өз ара сооданын көлөмүн 2017-жылы 27%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берди»

20.09.18
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соодадагы кыйла көрүнүктүү тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле Кыргызстандын бизнеси менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү 20-сентябрда Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян, Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов жана Кыргызстандын бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү талкуулашты.
ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктардын четтетилиши өз ара сооданын көлөмүн 2017-жылы 27%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берди, – деп белгилеп өттү Карине Минасян. – Дагы бир позитивдүү жыйынтык – эмгек рыногунун либералдаштырылышы, Бирликтин эмгекчилери үчүн кыйла ыңгайлуу шарттардын түзүлүп жаткандыгы».
ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды (алып коюуларды, чектөөлөрдү жана кедергилерди) табуу жана четтетүү боюнча мүчө мамлекеттер менен Комиссиянын биргелешкен күч-аракеттеринин маанилүүлүгү белгиленди.
«Бирлик рыногунда товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылын камсыз кылуу үчүн тоскоолдуктар алып салынгандыгына байланыштуу бизге дагы алдыда көп маселелерди чечүүгө туура келет», – деп баса белгиледи Олег Панкратов.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасы ЕАЭБ органдарында өзү төрагалык кылган жылы приоритети катары Бирликте ишкердик ишмердикти ийгиликтүү жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү, өз ара соода-сатыктагы болуп жаткан кедергилерден жана чектөөлөрдөн арылууну белгилеген.
Жолугушуунун катышуучулары экономикадагы санариптик трансформациялоо маселесин жана санариптик күн тартибин иш жүзүнө ашырууда коюлган милдеттерди өз убагында аткаруунун зарылдыгын талкуулашты. Олег Панкратов Карине Минасянга жана Кыргызстандын бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрүнө жемиштүү жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, бардыгынын андан аркы иштерине ийгиликтерди каалап кетти.