Sign In
ЕЭКте Евразия өлкөлөрүнүн жана Маврикийдин кызматташтыгынын перспективалары талкууланды

ЕЭКте Евразия өлкөлөрүнүн жана Маврикийдин кызматташтыгынын перспективалары талкууланды

Встреча с Министром-советником Республики Маврикий.jpeg
20.08.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Барсегян жана Маврикий Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин министр-кеңешчиси Рой Д. Биссундоял Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Маврикий Республикасынын экономикалык өз ара аракеттенүүсүнүн форматтарын талкуулашты. Сүйлөшүүлөр Маврикийдин Элчилигинин демилгеси боюнча өткөрүлдү.


Гоар Барсегян Маврикий Республикасынын ЕЭК менен диалогду активдештирүүгө кызыгуусун колдоду, евразиялык экономикалык интеграциянын учурдагы абалы, Бирликтин эл аралык күн тартиби жана Комиссиянын үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен кызматташтык жөнүндө меморандумдарды түзүү боюнча ишинин баскычтары тууралуу маалымдады.


"Натыйжалуу практикалык иш-аракеттерди иштеп чыгуу үчүн биз жакында Африка бирлиги менен кызматташтыгыбызды жолго коюуда алган тажрыйбаны колдонууну сунуш кылабыз. ЕЭКтин жана Африка бирлигинин ортосундагы экономикалык кызматташтык чөйрөсүндөгү Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун форматындагы ишти негиз катары алууга болот. Аталган документти ишке ашырып жатып, биз африкалык кесиптештерибиз менен биргелешкен иш-чаралардын планынын долбоорун даярдадык жана учурда аны макулдашуудабыз. Анын көп жоболору Комиссиянын Маврикийдин Өкмөтү менен өз ара аракеттенүүсү үчүн туура келмек", – деп билдирди ЕЭК өкүлү.


Мындан сырткары, Гоар Барсегян ЕАЭБде евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын иштелип чыгышы жана аларды ишке ашыруу боюнча пландар жөнүндө айтып берди, Маврикий мүчөлүк кылган Африка бирлиги менен кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.


Рой Д. Биссундоял Маврикий Республикасын аталган Меморандумдун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө кошуу идеясын колдоду жана кызматташтыктын чөйрөлөрүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу пикирин билдирди. Ал тараптардын соода-экономикалык өз ара аракеттенүүсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек деп ишенет.


Маалымат


Маврикийдин экономикасы кант өндүрүү, туризм жана текстиль өнөр жайына негизделген. Бул жашоо деңгээли боюнча Африкадагы экинчи, ал эми киши башына ИДӨ боюнча үчүнчү өлкө болуп саналат. Маврикийде офшордук жана банк бизнеси өнүгүүдө, мамлекет деңиз азыктарын жана балыкты чоң көлөмдөрдө өндүрөт жана кайра иштетет.