Sign In
ЕАЭБ бизнеси евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун планын даярдоодо катышууда

ЕАЭБ бизнеси евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун планын даярдоодо катышууда

IMG05013.JPG
20.08.20
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Ишкердик кеңешинин жана Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнес-ассоциацияларынын катышуусунда отурум өткөрүп, ал жерде евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын чараларын жана механизмдерин ишке ашыруунун комплекстүү планы каралды.

ЕЭК министри Стратегиялык багыттардын долбоору ушул жылдын май айында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда жалпысынан жактырылгандыгын эске салып өттү. "20 чамасындай позициялардан сырткары, калганынын баарын иштеп чыгууга кирише берсе болот. Бул документте чагылдырылган дээрлик 300 чара, – деп Сергей Глазьев баса белгиледи. –Бүгүнкү күндө биздин алдыбыздагы предметтик милдет – Комиссиянын жана ишкердик коомдоштуктардын 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарды ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүсүн иштеп чыгуу үчүн жалпы матрицаны түзүү".

Жолугушуунун катышуучулары Стратегиялык багыттарды ишке ашыруунун деталдуу планын талкуулоонун алкагында бир катар нерселерге басым жасашты. Анын ичинде – чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгын жогорулатууга жана техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу жаатында Комиссиянын бизнес менен иш-аракеттеринин координациялоонун сапатын жогорулатууга, ЕАЭБдин ишкердик коомдоштуктарынын ички жана тышкы рыноктордогу тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды аныктоо боюнча активдүүлүгүн жогорулатууга.

ЕЭКтин евразиялык интеграциянын жүрүшү жана анын бизнестин өнүгүүсүнө таасири жөнүндө маалыматты алуу үчүн ишкерлерди үзгүлтүксүз сурамжылоо боюнча демилгеси талкууланды. Сурамжылоолордун натыйжаларын Евразия өкмөттөр аралык кеңешине 2021-жылда көрсөтүү пландаштырылууда.

Нысапсыз импорттоочулар менен күрөшүү темасына жана сериялуу берилүүчү сертификаттар маселесине, ошондой эле санариптештирүү аспаптарынын жардамында бул чөйрөдөгү контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга өзүнчө көңүл бөлүндү.

Отурумда катышкан ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков ЕАЭБдин иштөө процесстерине бизнес-коомдоштуктарды, коомдук уюмдарды жана жарандарды кеңири тартуу үчүн евразиялык экономикалык интеграциянын оң имиджин түзүү боюнча жана Бирликтин алкагында ишке ашыруу мүмкүн болгон идеяларды жана демилгелерди көрсөтүү үчүн краудсорсингдик платформаны түзүү боюнча иш-чараларды сунуш кылууга болот деп белгиледи.