Sign In
ЖЕЭК Бирликтин жана үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына карата КНСти алууда бирдей шарттардын түзүлүшүн жактырды

ЖЕЭК Бирликтин жана үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына карата КНСти алууда бирдей шарттардын түзүлүшүн жактырды

20.05.20

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды, аталган өзгөртүүлөрдө Россия Федерациясынын эркин экономикалык аймактарына (ЭЭА) алып келинген Бирликтин жана үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына карата КНСти алууда бирдей шарттардын орнотулушу каралган.

 

Киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин ЭЭАнын резиденти үчүн жалпы белгиленген КНСти салуунун ордуна КНСти төлөө боюнча мөөнөт 180 календардык күнгө кийинкиге калтырылат. Мындай товар 180 календардык күндүн ичинде сатылган учурда КНС төлөнбөйт.

 

ЕАЭБ жөнүндө келишимге мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты Россия Федерациясынын эркин экономикалык аймактарынын жана Бирликтин башка өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү болуп саналат.

 

Россия Федерациясынын ЭЭАсынын бир кыйла пайдалуураак баа категориясы боюнча товарлардын тизмегин кеңейтүүгө кызыкдар болгон резиденти Бирликтин товарларын импорттоо мүмкүнчүлүгүн алат, ал эми тажрыйба көрсөткөндөй, алардын наркы аларга окшош чет элдик товарлардын наркынан бир кыйла төмөнүрөөк.

 

Бирликтин өлкөлөрүнүн экспорттоочуларында нөлдүк коюмду колдонуу жана Россиянын ЭЭАларынын аймактарына товарларды экспорттоодо буга чейин төлөнгөн КНСти кайтарууну тездетүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.​