Sign In
ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмеси

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмеси

20.04.20

20-апрелде Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын айрым маселелерин макулдашуу боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жолугушуусу болуп өттү.


Конструктивдүү диалогдун натыйжасында төрт маселенин үчү боюнча алга жылууга мүмкүн болду. Атап айтканда, бул транспорт жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү максатында эл аралык автомобилдик жүк ташууларды либералдаштыруунун максатка ылайыктуулугун иштеп чыгууга, Бирликтин өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүшүнө максаттуу көмөк көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин түзүүгө, ошондой эле саламаттыкты сактоо жаатындагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө тиешелүү. 


ЕАЭБдин жалпы газ рыногунда газ ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүү маселеси азырынча чечилбеген бойдон калууда. Аны 22-апрелде ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмесинде кошумча талкуулоо, ал эми андан кийин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 23-апрелде видеоконференция форматында өткөрүлүүчү кезексиз отурумунда кароого чыгаруу пландаштырылууда.​