Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигрян Саркисян: “Бүгүн бүтүндөй дүйнөлүк тренддердин өнүгүшү аймактык интеграциялык бирикмелердин натыйжалуулугунан көзкаранды деп айтууга болот”

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигрян Саркисян: “Бүгүн бүтүндөй дүйнөлүк тренддердин өнүгүшү аймактык интеграциялык бирикмелердин натыйжалуулугунан көзкаранды деп айтууга болот”

20.04.16

Москвада 19-апрелде “Парламент аралык кызматташуу Евразия аймагына кирген өлкөлөрдүн XXI кылымда бирдиктүү жыргалчылыгына кызыкдар” Евразия өлкөлөрүнүн парламенттеринин спикерлеринин биринчи кеңешмесинде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү перспективада Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өнүгүшүнө таасирин тийгизүүчү бир катар аймактык жана глобалдуу тенденцияларды белгиледи. Бул глобалдаштыруу жана аймакташтыруу.

Иш-чарага 19 өлкөнүн, анын ичинде  Азербайжан, Афганистан, Вьетнам, Индонезия, Иран, Камбоджу, Кытай, Монголия, Пакистан, Корея Республикасы, Тажикистан, Таиланд, Филиппин, Индиянын жогорку мыйзам чыгаруучу органдарынын жетекчилери катышышты.

Парламенттердин спикерлери Корея Республикасынын Улуттук Жыйынынын Спикери Чон Ый Хванын жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкиндин чакыруусу менен чогулушкан.

Евразия өлкөлөрүнүн биринчи кеңешмесинде сүйлөп жатып, ЕЭК Коллегиясынын төрагасы, глобалдаштыруу каатчылыгына өтүп кеткен каржы каатчылыгы бүтүн дүйнө боюнча интергациялоо жана аймакташтыруу процесстери үчүн катализатор болуп калды. “Аймакташтыруу тенденцияларын өнүктүрүү - бул заманбап чакырыктарга жооп табуу, өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын байкап көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү варианттарын табуу, жыйынтыгында, дүйнөлүк жаңыланган экономикалык архитектураны калыптандыруу аракети”- деп белгиледи Тигран Саркисян. - Дүйнөлүк тажрыйбада аймактык экономикалык интеграция өзүн стратегиялык өнүгүүнүн ийгиликтүү модели катары айгинеледи.  Бүгүнкү күндө дүйнөлүк тренддердин өнүгүүсү аймактык интеграциялык бирикмелердин натыйжалуулугунан көзкаранды деп айтууга болот”.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы алдыңкы тренддин сапаты катары соода-экономикалык өнөктөштөрдүн форматында аймактык мегабирикмелердин калыптанышын белгиледи. Негизинен, сөз Транстынчокеан өнөктөштүгү (ТТР) жана Трансатлантика соода-инвестициялык (TTIP) өнөктөштүгү жөнүндө болуп жатат. Тигран Саркисяндын пикири боюнча, бир нече жылдардан кийин учурдагы дүйнөлүк тенденцияларды сактап калган шартта, дүйнөлүк сооданын 60%нан ашыгы Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелери менен гана эмес, мегакелишимдер сыяктуу режимдер менен да жөнгө салынат.

Буга байланыштуу, Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы белгилеп өткөндөй, бул глобалдуу тенденция багыты менен өнүгүп жаткан Евразия экономикалык биримдиги бүгүнкү күндө интеграция үчүн гана эмес, коңшу өлкөлөр менен өз ара пайдалуу экономикалык жаңы мамилелерди түзүү үчүн да потенциалга ээ. “Батыш трекинде өз ара иш алып баруунун интенсивдүүлүгү  төмөндөө шарттарында биз үчүн түштүк-чыгыш багытында - Азия- Тынчокеан (дүйнөлүк аймакта кыйла динамикалуу өсүп жаткан) жана Латынамерика аймагы тарабында активдүүлүктү  жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ”, - деп белгиледи Тигран Саркисян.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын айтымы боюнча, эркин соода аймактары жөнүндө заманбап келишимдердин форматтарын ишке ашыруу Комиссия үчүн эл аралык кызматташуунун негизги багыттарынын бири болуп саналат. “Бүгүнкү күндө Биримдик менен кызматташууга 40ка жакын өлкөлөр жана бирикмелер кызыкдар экенин билдиришкен”, - деп маалымдады Тигран Саркисян. 2015-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Вьетнамдын ортосунда ушул сыяктуу келишимдин түзүлүшү ийгиликтүү прецедент болуп калды.  Бүгүнкү күндө ЕЭК бир катар башка өлкөлөр менен ушул сыяктуу келишимдерге кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Учурда Индия, Египет жана Иран мамлекеттери менен бирдикте изилдөө топтору түзүлүп, ийгиликтүү иштеп жатат. Израиль Мамлекети менен эркин соода аймагы тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Комиссия кыска мөөнөттүн ичинде Аргентинадан келген делегация менен натыйжалуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, ЕЭК менен МЕРКОСУР ортосунда соода-экономика маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюуга үмүттөнүүдө, деп билдирди Тигран Саркисян.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын айтымы боюнча, ЕАЭБдин эл аралык кызматташуусунда Кытай өзгөчө орунду ээлейт, ал Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичинен ири соода өнөктөш болуп эсептелет. 2015-жылдын майында ЕАЭБ менен Жибек жолунун Экономикалык алкагынын байланышы жөнүндө принципиалдуу келишим түзүлгөн. Ошондой эле Биримдик менен КЭР ортосунда соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө келишим боюнча сүйлөшүүлөр башталган.

Андан тышкары, Тигран Саркисян, азыркы учурда ЕАЭБ, АСЕАН жана Шанхай кызматташуу уюмунун базасында экономикалык өнөктөштүктү түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе иштелип жатканын маалымдады. “Бул демилге Биримдикке жаңы аймакташуу шарттарында ийгиликтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуп калууга мүмкүндүк берет жана бирикмени эл аралык аренага чыгаруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүк түзөт”,- деп белгиледи Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы белгилегендей, ал Евразия аймагынын парламенттеринин ортосунда түзүлүп жаткан байланыштарга өзгөчө маани берет. “Мына ошол парламенттик кооперация гана бир жагынан биздин экономикабыздын калкыбыздын жыргалчылыгы үчүн интеграцияланышын камсыз кылуучу, экинчи жагынан, биздин аймакка белгилүү бир ийкемдүүлүк берүүчү мыйзам чечимдерин иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Бул кооперация проблемаларды бирге жеңүүгө, ошондой эле биздин өлкөлөрүбүздүн алдында турган заманбап чакырыктарга жооп берүүгө шарт түзөт”, - деп жыйынтыктады Тигран Саркисян.

Форумдун катышуучулары мамлекеттердин көп кырдуу кызматташуусун кеңейтүү максатында, евразия мейкиндигинде, анын ичинде экономикада, укуктук жана гуманитардык чөйрөлөрдө, айлананы коргоо жагында парламент аралык диалогду өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты. Аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу, экстремизмге каршы күрөшүү, конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү жөнүндө сөз болду.

Кеңешменин катышуучулары аймактык соода-экономикалык бирикмелердин ортосунда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнү, экономикалык интеграциялоо процесстерин байланыштырууну колдой турганын билдиришип, дүйнөлүк теңдештирилген соода системасына жетишүү зарылчылыгына басым коюшту.

Аймактарда интеграциялык натыйжаларды күчөтүүгө багытталган бир катар маанилүү евразиялык демилгелерди, айрыкча, Жибек жолунун экономикалык биримдигин эске алуу менен, парламенттердин спикерлери Евразиянын транспорт-логистикалык чөйрөсүндө кызматташууну, учурда орун алган трансконтиненталдык коридорлорду колдоо жана жаңысын түзүүнү колдоого алышты.