Sign In
ЕЭКте Евразия экспорттук зер бюросунун концепциясын түзүүгө карата мамилелерди талкуулашты

ЕЭКте Евразия экспорттук зер бюросунун концепциясын түзүүгө карата мамилелерди талкуулашты

20.03.20

Кеңешменин жыйынтыктары көрсөткөндөй, көпчүлүк тараптар бюрону түзүүнүн объективдүү зарылчылыгын тааныгандыгына карабастан, аны түзүү боюнча көптөгөн маселелер дискуссиялык бойдон калууда. Бул, атап айтканда, бюронун ишмердигинин багыттарына, анын уюштуруучулук-укуктук формасына, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнө, анын мүчөлүгүнүн шарттарына, ишмердигин каржылоо жана төгүмдөрдү бөлүштүрүү өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле сапат стандарттарын жана ГОСТторго шайкештикти аныктоо тартибине тиешелүү. Мындан сырткары, Евразия экспорттук зер бюросуна өзгөчө статусту берүү зарылчылыгы жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Ошондой эле, салмагы 0,3 каратка чейинки бриллианттарга карата алып келүү бажы алымдарын нөлгө түшүрүү жөнүндө россиялык бизнестин өкүлүнүн сунушу активдүү талкууланды. Тараптардын ар түрдүү позицияларын эске алуу менен, бул маселе боюнча талкуу дагы улантылмакчы. Аяккы чечимди иштеп чыгуу үчүн белорус тарап зер тармагынын алдыңкы өндүрүүчүлөрүнүн деңгээлинде жолугушуу өткөрүүнү сунуш кылды.

Отурумдун катышуучулары армян бизнесинин өкүлдөрүнүн Евразия зер конгрессин өткөрүү жөнүндө демилгесин колдошту. Үзгүлтүксүз зер жарманкелери менен бириктирилген мындай конгресс ЕАЭБдин зер тармагынын кеңири маселелерин талкуулоо үчүн заманбап кесиптик аянтча болуп калышы мүмкүн.​