Sign In
Михаил Мясникович: "ЕАЭБде чечимдерди иштеп чыгуу жана аларды аткаруу тартибин оптималдаштыруу керек"

Михаил Мясникович: "ЕАЭБде чечимдерди иштеп чыгуу жана аларды аткаруу тартибин оптималдаштыруу керек"

IMG09893.jpg
20.02.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин жетекчилиги астында 19-февралда өткөн Келишпестиктерди жана талаш кырдаалдарды четтетүү жана ЕАЭБде товарлардын эркин жүрүүсүн камсыздоо боюнча комитеттин 4-отурумунун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү чечимдеринин аткарылышын, ЕАЭБде жүк ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө Макулдашуунун долбоорун мамлекет ичиндеги макулдашууну жүргүзүүнүн жүрүшүн, Россия Федерациясынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоону киргизүү тажрыйбасын жана мындай товарларды мүчө мамлекеттердин аймагынан РФге ташып келүүнү, ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жеткирүү маселеси боюнча тапшырмаларын аткарууну талкуулашты.

ЕЭК Коллегиясынын башчысы белгилегендей, натыйжалуу ишти түзүү үчүн көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору, ошондой эле Бирлик өлкөлөрү менен биргелешип иштөөнүн стилдери жана ыкмалары жөнүндө принципиалдуу баарлашуу керек. 

"Иштеп чыгуудагы кемчиликтер биздин мамлекеттердин экономикасына жана бүтүндөй интеграциялык процесстерге терс таасирин тийгизүүдө. Чечимдерди иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун жол-жобосун өркүндөтүү боюнча керектүү тажрыйба иштелип чыкканы менен, маселелер өтө узак убакытта чечилип жатат. Ошондуктан, чечимдерди иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу тартибин оптималдаштыруу керек деп эсептейм", - деп баса белгиледи Михаил Мясникович.

ЕЭК Коллегиясынын башчысынын айтымында, тараптар чечимдерди кабыл алуудан качышат, анткени жер-жерлерде кошумча аракеттер талап кылынат. Ошондой эле ал Бирликтин органдарынын чечимдеринин аткарылышына тийиштүү мониторинг жүргүзүлбөй жаткандыгына нааразычылыгын билдирди.

2020-жылы өз ара соода 20%га төмөндөдү. Ошол эле учурда, үчүнчү өлкөлөргө экспорт 71% түзсө, импорт - 84% түздү. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын пикири боюнча, бул COVID-19 пандемиясынын фактору менен гана байланыштуу эмес. Мындай тең салмаксыздык, бир жагынан, жигердүү иштин жетишсиздигинин натыйжасы болуп саналат. Экинчи жагынан, ЕАЭБде жогору ликвиддүү товарлардын саны аз. Анын үстүнө, мындай товарлардын анчалык олуттуу эмес агымында да, башка өнөктөштөрдүн пикири эске алынбаган, өлкөлөр тарабынан түзүлгөн тоскоолдуктар бар. "Тоскоолдуктарды Комиссия түзбөйт, тоскоолдуктарды өлкөлөр түзүп жатат, - деп баса белгиледи Михаил Мясникович. - Жана биз кандайдыр бир маселелер боюнча иш жүргүзө баштаганда, кандайдыр бир нааразычылыктарды көрөбүз".

Мисал катары, ЕЭК Коллегиясынын башчысы Интеграцияланган маалымат тутумун келтирди, ишке киргизилген 19 жалпы процесстерге Россиянын Федерациясы гана туташкан. Армения Республикасы – 14, Беларусь – 12, Казакстан – 13 процесске тушташкан. 30га жакын жалпы процесстер даярдыктын жогорку деңгээлинде турат. Анткен менен, ЕЭК Бирликтин бардык өлкөлөрүндө туташууга даярдыктын деңгээли бирдей эместигин констатациялайт. "Ошондуктан, жигердүүрөөк иштөө зарыл, демилге көбүрөөк болуш керек. Айрым учурларда тараптар, "эптеп кутулуу" иретинде иштешет, чектеш маселелер начар чечилет. Булардын барлыгы кемчиликтер", - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. Ушуга байланыштуу, Михаил Мясникович түздөн-түз аракеттеги чечимдерди кабыл алууга үндөдү.

Кеңешмеге ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү - техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко, бажы кызматташтыгы боюнча министр Олег Панкратов, ички рыноктор, маалыматташтыруу, МКТ министри Гегам Варданян, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Бирликтин азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү органдарынын  өзөктүү чечимдерин мүчө мамлекеттер аткарбагандыгы жөнүндө маселеге комментарий берүүдө Виктор Назаренко белгилегендей, ЕАЭБдин үч өлкөсү - Армения Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы - "Тамак-аш коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин бир катар беренелерин аткарбай жатышат. Анда өлкөлөрдө жаныбарлардан чыккан иштетилбеген азык-түлүк чийки заттарын кабыл алуу, кайра иштетүү (кайра иштетүү) боюнча өндүрүш объекттерин мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча милдеттүү талаптар, аларды идентификациялоо жана ЕАЭБ өндүрүүчүлөрү катары аларды өлкөлөрдүн улуттук реестрлерине киргизүү каралган, жана алар бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү болушу керек.

"Бул жагдай жаныбарлардан чыккан тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөр иш жүзүндө ББ ТР 021/2011 ылайык, расмий түрдө "өндүрүүчү" статусу дээрлик ээ эместигине алып келди. Техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарын аткарбоо аларга шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди кабыл алууга жана натыйжа катары, продукцияны Бирликтин рыногунда продукцияларды жүгүртүүнүн бирдиктүү белгиси менен маркалоого жана бирдиктүү рынокто жүгүртүүгө чыгарууга укук бербейт”, - деп эсептейт Виктор Назаренко.

Ошондуктан, Комиссия ар кандай деңгээлдерде жана ар кандай аянтчаларда көп ирет өлкөлөрдүн көңүлүн ушул документтерди ишке ашыруу зарылдыгына буруп келген. Буга байланыштуу, ЕЭК үч өлкөнүн Комиссия менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына улуттук мыйзамдарды “Тамак-аш коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин 31-36-беренелерине ылайык келтирүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнү камсыз кылууга чакырды. ЕЭК Армения Республикасына, Казакстан Республикасына жана Россия Федерациясына техникалык регламенттин ушул беренелерин аткаруу зарылдыгы жөнүндө кабарлоону пландаштырууда.

Виктор Назаренко ошондой эле, ветеринардык контролго алынуучу объектилерге жана товарларга биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн бирдиктүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө казак-кыргыз-беларуссиялык төрагалыктын белгиленген артыкчылыктуу багыттарынын алкагында, Комиссиянын иш-аракеттеринин пландары аткарылбай жаткандыгын белгиледи.

Документти колдонуу практикасы көрсөткөндөй, ал ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда жаныбарлардан чыккан тамак-аш азыктарынын кыймылына чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүүнүн негизги инструменти болуп саналат. Ошол эле учурда, ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар көп учурларда техникалык регламенттердин талаптарын көзөмөлдөшөт, өз ара жеткирүүдө чектөөлөргө алып келүүчү ветеринардык чараларды көрүшөт, бул Бирлик өлкөлөрүнүн мыйзамдарында каралган эмес. Ушул көйгөйлөрдү чечүү максатында, Комиссия ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте, 2019-жылдын ичинде бул документке оңдоолорду киргизди.

Аны ЕЭК Коллегиясында кароо бирдиктүү позицияны түзүү зарылчылыгын эске алып, Россия Федерациясынын өтүнүчү боюнча бир нече жолу кийинкиге калтырылган. ЕЭК россиялык тарап өзүнүн жалпы позициясын 2021-жылдын 20-мартына чейин көрсөтөт деп күтүүдө.

Мындан тышкары, Комиссиянын Кеңешинин № 149 Чечиминин 2-пункту, документти "убактылуу чаралар" түшүнүктөрүнүн так аныктамалары, аларды киргизүүнүн негиздери жана убактылуу чаралардын мазмунунун өзү менен толуктоо бөлүгүндө аткарылбай жатат. 2016-жылдын төртүнчү кварталына чейин белгиленген мөөнөткө карабастан, тапшырма бүгүнкү күнгө чейин аткарылган эмес. Комиссиянын пикири боюнча, көптөгөн ыйгарым укуктуу органдарга, анын жоболорун эркин чечмелөөгө жана негизсиз чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берген, ушул түшүнүктү регламенттебеген, конкреттүү эмес документтин болушу пайдалуу.

Ушуга байланыштуу Комиссия 149-чечимге толуктоолорду даярдап, ал ЕАЭБ жөнүндө колдонуудагы Келишимге толугу менен дал келет. Анткен менен, иш жүзүндө Бирликтин бир дагы өлкөсүнөн оңдоо боюнча консолидацияланган сунуштар келип түшкөн жок.

ЕЭК Бирликтин өлкөлөрүнө 2021-жылдын 1-апрелине чейин Комиссия менен өз ара аракеттенүүгө жооптуу аткаруучу органдардын деңгээлинде ушул маселени иштеп чыгууну, өз позициясын билдирүүнү - эгер бар болсо, Келишимге өзгөртүү боюнча сунуш киргизүүнү, ветеринардык-санитардык жана карантиндик-фитосанитардык иш-чараларга карата корутундуларды берүүнү сунуштайт, андан кийин документ ушул жылдын экинчи кварталында ЕЭК Коллегиясынын кароосуна коюлат.

ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Олег Панкратов өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, ушул жылдын 17-февралында Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы Ташууларды көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун мамлекеттин ичинде макулдашууну аякташты. Ошол эле учурда Армения Республикасынан билдирүү келип түшө элек.

Ал белгилегендей, тараптардын 2021-жылдын экинчи кварталында документке кол коюу жөнүндө сүйлөшүп келишкендигин эске алуу менен, Армения Республикасына келишимдин долбоорун МИМди тездетүү, ал эми тараптарга - келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен документти аягына чейин иштеп чыгуу сунушталган. Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында жогорку деңгээлдеги жолугушуу пландаштырылып, анда көйгөйлүү маселелер талкууланат. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын айтымында, бул документсиз товарларды жылдыруу маселесин чечүү кыйын.

Россия Федерациясынын аймагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү тажрыйбасы жөнүндө айтып жатып, Россиянын ФТК өкүлдөрү ЕАЭБдин алкагында товарлардын ашыкча агымынын көйгөйүн белгилешти. ЕЭКтин соода жана бажы кызматташтыгы блогу кырдаалды оңдоо боюнча ишти улантат.

Жогорку деңгээлдеги ыкчам комитетте да кара жана түстүү сыныктарды жеткирүү маселеси талкууланды. Ушул жылдын 5-февралында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынындаhttp://eec.eaeunion.org/news/evrazijskij-mezhpravitelstvennyj-sovet-gotovit-perechen-sovmestnyh-mer-po-syrevomu-obespecheniyu-metallurgicheskoj-otrasli-v-ramkah-eaes-/ өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө жана Комиссияга 2021-жылдын 30-апрелине чейин макулдашылган иш-аракеттер планын иштеп чыгууну тапшыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ушул убакытка чейин, Комиссия өлкөлөр менен биргеликте, Бирликтин металлургиялык ишканалары үчүн чийки зат менен камсыздоону жогорулатуу, кырдаалды жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат.

Комиссия ошондой эле пикир келишпестиктерди жана талаш кырдаалдарды четтетүүгө жана ЕАЭБде товарлардын эркин жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын Тизмесин түзүү боюнча ишти улантат.