Sign In
ЕЭК асыл таштарды экспорттоону жөнөкөйлөтүү жана ЕАЭБде антисептиктердин эркин жүгүртүлүшүн камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүүдө

ЕЭК асыл таштарды экспорттоону жөнөкөйлөтүү жана ЕАЭБде антисептиктердин эркин жүгүртүлүшүн камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүүдө

20.02.21

Тарифтик эмес жөнгө салуу жана санитардык чараларды колдонуу маселелери ЕЭКтин штаб-квартирасында
Евразия экономикалык комиссиясынын Ишкердик ишмердик департаментинин директору Галия Жолдыбаеванын жетекчилиги астындагы жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) боюнча жумушчу топ тарабынан каралды.

 

Тактап айтканда, Бирликтин бажы аймагынан иштетилген асыл таштарды экспорттоого керектүү документтердин тизмесин кыскартуу жөнүндө ЕЭК Коллегиясынын чечиминин долбоору талкууланды. Мындай ыкма Бирлик өлкөлөрүндө өндүрүлгөн, кошумча наркынын деңгээли жогору болгон зер буюмдардын экспортун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

 

ЕЭК Коллегиясынын тери антисептиктерине тиешелүү чечиминин долбоору каралды. Документте терини дезинфекциялоочу каражаттарга (тери антисептиктерине) бирдиктүү талаптарды белгилөө жана ушул продукциялардын уулуулугун жана коопсуздугун изилдөө жана баалоо үчүн документтердин жалпы тизмеси белгиленет.

Коопсуздук көрсөткүчтөрүн жана изилдөө ыкмаларын унификациялоо тери антисептиктерин изилдөөнүн натыйжаларын жана аларды каттоо боюнча документтерди өз ара таанууга шарт түзөт.

"Жумушчу топ эки олуттуу жана актуалдуу документти карады. Биринчиси – зер буюмдардын үчүнчү өлкөлөргө экспорттолушун улуттуктан жогорку жөнгө салууну оптималдаштырууга, экинчиси - ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн ортосунда антисептикалык заттар менен өз ара сооданы жөнөкөйлөтүүгө багытталган", - деп белгиледи Галия Жолдыбаева жолугушуунун жыйынтыгы боюнча.​