Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн казыналыктары 2019-жылы Бирлик мамлекеттеринин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүү тартибин негизинен аткарган

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн казыналыктары 2019-жылы Бирлик мамлекеттеринин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүү тартибин негизинен аткарган

20.02.21

19-февралда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик каржылык көзөмөлдүн жогорку органдары 2019-жылы ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын чегерүүнү жана бөлүштүрүүнү текшерүүнүн жыйынтыктарын талкуулоо боюнча биргелешкен отурум өткөрүштү. Иш-чара Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинин төрагасы Василий Герасимовдун жетекчилиги астында видео-конференция форматында өткөрүлдү.

Отурумда 2019-жылы мүчө мамлекеттерде ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү боюнча учурдагы тартипти колдонууну текшерүүнүн жыйынтыктары сунушталып, Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ишин өркүндөтүү, аныкталган каталарды жана айрым кемчиликтерди оңдоо боюнча сунуштар берилди.

Каржылык көзөмөлдүн жогорку органдары, 2019-жылы мүчө мамлекеттердин казыналыктары Бирлик өлкөлөрүнүн бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүү тартибинин сакталышын жалпысынан камсыз кылгандыгын билдиришти.

Отурумга ЕЭКтин атынан Каржы саясаты департаментинин директору Арман Хачатрян катышты. Комиссиянын өкүлү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджеттеринин кирешелери үчүн ташып келүү бажы алымдарынын маанилүүлүгүн белгилеп, каржылык көзөмөлдүн жогорку органдарынын отчетунда белгиленген айрым көйгөйлүү маселелерге токтолду. Ал "болуп өткөн талкуу Бирликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, өткөрүлүүчү аудиттин сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет" деген ишенимин билдирди.

Маалымат

Ташып келүү бажы алымдарынын (эквиваленттүү аракетке ээ болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө протоколдун 53-пунктуна ылайык, алардын мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешесине которулушу (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 5 тиркеме), мамлекеттик каржылык көзөмөлдүн жогорку органдар биргелешкен контролдоо иш-чараларынын алкагында, жыл сайын мүчө мамлекеттерде ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү тартибинин сакталышын текшерип турушат.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик каржылык көзөмөлдүн жогорку органдары болуп төмөнкүлөр саналат: Армения Республикасынын Эсептөө палатасы, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик көзөмөл комитети, Казакстан Республикасынын Республикалык бюджетинин аткарылышын контролдоо боюнча Эсеп комитети, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жана Россия Федерациясынын Эсеп палатасы.​