Sign In
ЕЭКтин сайтында ЕАЭБдеги атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу жөнүндө электрондук журналдын алгачкы номери жарык көрдү

ЕЭКтин сайтында ЕАЭБдеги атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу жөнүндө электрондук журналдын алгачкы номери жарык көрдү

20.01.21

Атаандаштык чөйрөсүндөгү новациялар жана негизги окуялар жөнүндө эми "Евразия экономикалык бирлигиндеги атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу" деп аталган электрондук журналдын барактарынан билүүгө болот. Евразия экономикалык комиссиясынын монополияга каршы блогунун бул журналы квартал сайын жарык көрөт деп пландаштырылууда.


Журналдын алгачкы номеринин негизги темаларынын арасында – ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мамлекеттик сатып алууларга бизнестин тоскоолдуктарсыз жетүүсү, "жумшак жөнгө салуу" механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү, ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүндөгү мыйзам чыгаруу реформаларынын өзгөчөлүктөрү жана көптөгөн башка актуалдуу маселелер.


ЕЭК Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Арман Шаккалиев кириш сөзүндө мындай деп белгиледи: "Биздин журнал – Бирликтин өлкөлөрүнүн бийликтеринин, илимий коомдоштуктарынын, бизнесинин өкүлдөрү жана керектөөчүлөрү үчүн ачык аянтча".


Журналдын электрондук форматын тандоо бийлик органдарынын, бизнестин, коомдун, илимий коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин ортосунда ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу жөнүндө эң сезимтал маселелер боюнча пикир алмашуу үчүн жалпыга жеткиликтүү, ачык аянтчаны түзүү ниети менен шартталган.

Журналдын алгачкы номеринин бас редактору ЖЭМ УИУнун Атаандаштык саясаты жана рынокторду жөнгө салуу институтунун директорунун орун басары, Монополияга каршы эксперттердин ассоциациясынын башкы кеңешинин мүчөсү, "Муранов, Черняков жана өнөктөштөр" АКнын өнөктөшү жана монополияга каршы иш-тажрыйбасынын жетекчиси Олег Москвитин болду.​