Sign In
ЕЭК министри Гегам Варданян: "Зер буюмдардын жалпы рыногунун иштөөсүнө карай маанилүү кадам жасалды"

ЕЭК министри Гегам Варданян: "Зер буюмдардын жалпы рыногунун иштөөсүнө карай маанилүү кадам жасалды"

20.01.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы зер буюмдардын сынамдарын алуу, талдоо жана энтамгалоого карата талаптарды жактырды жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өткөрүлгөн зер буюмдарын өндүрүүдөгү бузуулардын тизмегин бекитти.


"Кабыл алынган документтер зер буюмдар менен өз ара соода жүргүзүүдө жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет, бул бизнес үчүн маанилүү нерсе болуп саналат, ал эми керектөөчүлөр үчүн продукцияны сатып алуу бир кыйла коопсузураак болмокчу
, – деди ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, МКТ боюнча министри Гегам Варданян. – Бул 2019-жылдын 22-ноябрындагы ЕАЭБдин алкагында кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууда белгиленген, аталган чөйрөдөгү эң мыкты дүйнөлүк иш-тажрыйбаларга карай кадам болуп саналат".

Ошентип, Комиссия Евразия интеграциялык бирикмесинин ички рыногунда зер буюмдар менен өз ара жүргүзүүдө сынамык энтамгалардын өз ара таанылышы үчүн ыкчам түрдө шарттарды түзүүдө.

Комиссиянын Коллегиясы бир мүчө мамлекеттен экинчи мүчө мамлекетке өткөрүлүүчү зер буюмдарды жана башка буюмдарды өндүрүүгө карата талаптарды бузуулардын тизмегин бекитти, ал ишкердик ишмердиктин ак ниет субъектилерин коргоого багытталган.  Документ Бирликте бузуулар менен өткөрүлүүчү зер буюмдарга жана башка буюмдарга карата тийиштүү текшерүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн минималдуу керектүү шарттарды аныктоого мүмкүндүк берет. Документ кабыл алынгандан кийин мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары чек ара аралык соодадагы бузууларды улуттук мыйзамдарга ылайык жоюу боюнча керектүү чараларды колдонуу максатында аталган бузуулар жөнүндө өз ара маалымат алмашышат.


Эске сала кетсек, 2019-жылдын 22-ноябрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуу Россия, Беларусь жана Армения тарабынан ратификацияланган.


Маалымат:


Зер буюмдардын сынамдарын алуу, талдоо жана энтамгалоого карата Комиссиянын Коллегиясы тарабынан жактырылган талаптар мүчө мамлекеттердин сынамык инспекциялары тарабынан сынамык иштерин жүргүзүү тартибин белгилөөгө мүмкүндүк берет. Алар Бирликте колдонулуучу сынамык энтамгалардын жана сынамыктардын милдетүү элементтерин, аларды зер буюмдарга жана башка буюмдарга түшүрүү параметрлерин аныктайт, анын ичинде сынамык ташына энтамга салууга карата жалпы талаптарды ж.б. белгилейт.​