Sign In
ЕЭК Министри Карине Минасян: “Келечек - санариптик кооперацияны, санариптик биримдиктерди жана өнөктөштүктөрдү түзүү”

ЕЭК Министри Карине Минасян: “Келечек - санариптик кооперацияны, санариптик биримдиктерди жана өнөктөштүктөрдү түзүү”

19.10.17

Санариптик трансформацияны илгерилетүү (санариптик “евангелизм”) - жөн гана технологиялык күн тартип эмес, бул өзгөрүүлөрдү жана санариптик өнүгүүнү башкаруу күн тартиби. Мындай пикирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасян 17-октябрда Сколководо өткөн “Ачык инновациялар” эл аралык форумунун алкагындагы “Санарип министрлери. Мамлекеттин технологиялык күн тартибинин евангелисттери” дискуссиясынын жүрүшүндө билдирди.

Иш-чара бир аянтчада санариптик трансформациянын лидерлерин - санарип министрлерин бириктирип, алар өз өлкөлөрүндө санариптик экономикадагы жетишкендиктеринин сырлары, санариптештирүүнүн тобокелдери жана аларды төмөндөтүү тажрыйбасы, ошондой эле санариптик трансформациянын натыйжалуу тажрыйбаларын жайылтуу туурасында көз караштары менен бөлүшүштү.  Дискуссиянын негизги маселелеринин бири санариптештирүү стратегиясын жүзөгө ашырууда мамлекеттин ролу болду: мамлекет - бул тең укуктуу өнөктөш, жөнгө салуучу, оюнчубу же өз ара иштешүүнүн координаторубу? Санариптик экономикада мамлекет өзүнүн ордун канткенде туура таба алат? Кайсыл учурда мамлекет арка кадам жасап, бизнеске орун бериши керек? Инновациялар үчүн чөйрөнү кантип түзүү керек? Улуттук, аймактык жана глобалдык деңгээлдерде санариптик экономиканы жөнгө салуунун кыйынчылыктары эмнеде?

“Максималдуу синергетикалык натыйжаларга жетүү жана ЕАЭБтин жалпы рыногун санариптик тоскоолдуктарсыз андан ары калыптандыруу үчүн беш өлкөнүн санариптик күн тартибин синхрондоштуруу зарыл. Рыноктун бир түрдүүлүгү анын бардык катышуучуларына чоң экономикалык жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет - “win-win” стратегиясы. Ошол эле учурда рыноктун катышуучулары баалуулуктары менен бөлүшүп жана бири-бирине ишенүүгө даяр”, - деп билдирди дискуссиянын жүрүшүндө Карине Минасян.

ЕАЭБ форматында санариптик экономика чөйрөсүндө аймактык кооперация - татаал маселе, анткен менен ал потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат, эрежелерди, стандарттарды биргелешип иштеп чыгуу жана глобалдык рынокко атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чыгуу үчүн аймактык санариптик платформаларды жана экосистемаларды калыптандыруу үчүн аянтча түзөт. Үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында Биримдиктин мүчө мамлекеттеринин башчылары “2025-жылга чейин ЕАЭБтин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруунун негизги багыттарын” - стратегиялык мүнөздөгү документти жактырышты. Анда санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруунун максаттары, милдеттери, ыкмалары жана механизмдери, ошондой эле санариптик демилгелерди иштеп чыгуунун жана бирдиктүү экономикалык мейкиндикте санариптик трансформациянын мыкты долбоорлорун баштоо үчүн артыкчылыктар аныкталган.

“Эл аралык деңгээлде бизге жалпы идеялар гана эмес, жалпы иш аракеттер да керек. Санариптик чөйрөдө ишеним жетишсиз болуп турат, жоопкерчиликтүү жүрүм-турумдун жалпы эрежелери керек. Ошол эле учурда дүйнөлүк санариптик экосистема монополиялаштырылган болбошу керек, өлкөлөр тыштан келген технологиялардын туткуну болуп калбашы керек”, - деп ЕЭК министри Карине Минасяндын тезистерин РФтин байланыш жана коммуникациялар министри Николай Никифоров колдоду.

Өлкөлөрдүн жана аймактардын ортосундагы санариптик ажырымдын чоңоюу тобокели, ошондой эле глобалдык рынокко чыгууда санариптик трансформациянын дивиденттерин алуудагы теңсиздик мурда болуп көрбөгөндөй актуалдуу. Санариптештирүүнүн глобалдык мүнөзү ири компанияларга аймактык рынокторго жетүү үчүн тоскоолдуктарды жеңип чыгууга жана иштерин күчөтүүгө мүмкүндүк берди. Көбүнесе алардын ийгилиги - алар резиденттери болуп саналган мамлекеттин ичинде, башынан жагымдуу инновациялык чөйрөнүн жыйынтыгы. Бул маселе боюнча Сербия Республикасынын инновациялар жана технологиялык өнүгүү министри Ненад Поповичтин пикири абдан так болду: “Инновация - өлкөнүн кыймылындагы рычаг. Инновациялык өнүгүүнү колдоонун улуттук системаларын түзүү маанилүү. Азыр көптөгөн мамлекеттер мыкты академиялык даярдыгына жана илимий-изилдөөчүлүк иштерине карабастан, инноваторлор, алардын компетенциялары, алдыңкы идеялары жана стартаптары инновациялык чөйрөсү көбүрөөк өнүккөн өлкөгө кетишине туш болууда.  Натыйжада экономика олуттуу дивиденттерди жана атаандаштык артыкчылыктарын жоготууда”.

“Санариптик рыноктордо негизги оюнчу жана баалуулуктардын генератору эмес, жөн гана керектөөчү болуп калуу тобокели бар”, - деп Поповичтин оюн улантты Карине Минасян.

ЕЭК министри Дүйнөлүк банктын жана Комиссиянын биргелешкен изилдөөсүнүн жыйынтыктарын эске салды. Атап айтканда, санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруунун экономикалык натыйжасы 2025-жылга чейин ЕАЭБтин ИДӨсүн мүчө мамлекеттердин жыйынды ИДӨсүнүн жалпы күтүлгөн өсүшүнүн дээрлик 11 % түзгөн суммага көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.  Андан тышкары, сегиз миллионго жакын кошумча жумушчу орундардын түзүлүшү күтүлөт, ал эми ЕАЭБтеги ченемдик-укуктук тоскоолдуктарды четтетүү өлкөлөргө 46,5 млрд АКШ долларын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.  Анткен менен, санариптештирүүнүн натыйжалары канчалык “кооз” көрүнбөсүн, жөнгө салуу жагында ойлонулган кадамдардын жоктугу, санариптик инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү, жаңыны кабыл албагандык бул тилектерди жүзөгө ашырууга олуттуу жолтоо болушу мүмкүн деп эсептейт Карине Минасян.

Ошол эле учурда санариптештирүүдөгү келтирилген терс факторлор санариптик экономикада мамлекет өз функцияларын жүзөгө ашыруусуна түздөн-түз байланыштуу. Бул маселелерге Сингапурдан жана Улуу Британиядан келген эксперттер - Жаклин По жана Лиам Максвелл кенен токтолушуп, мамлекет жөнгө салуучу чечимдерди тестирлөөнүн жана прототиптештирүүнүн негизинде, анын ичинде жөнгө салуучу “кумдуктар” механизмдерин колдонуу менен ачык платформалык инфраструктураны, атаандаштык чөйрөсүн жана “интеллектуалдуу” жөнгө салууну өнүктүрүүсүнүн маанилүүлүгү жөнүндө жалпы корутунду жасашты.

Маалымат

“Ачык инновациялар” форумунун өтмө темасы 2017-жылы - “Санариптик экономика. Глобалдык трансформациянын чакырыктары”.  Үч күн аралыгында санариптештирүүнүн “гурулары”, инноваторлор, көзкарандысыз эксперттер, мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү технологиялар коомдун жашоосун жана аны башкаруу ыкмаларын кантип өзгөртөөрүн талкуулашты.