Sign In
ЕАЭБде бажы инфраструктурасына карата мамилелер унификацияланат

ЕАЭБде бажы инфраструктурасына карата мамилелер унификацияланат

19.03.21

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү бажы инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүнүн механизмдерин талкуулашууда.

 

Тактап айтканда, ЕАЭБдин бажы чек арасындагы көзөмөлдөөчү органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын Консультативдик комитетинин отурумунда, мүчө мамлекеттердин Бирликтин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү пункттарында жайгашкан бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштыруу жана техникалык жактан жабдуу боюнча стандарттык талаптарга бирдиктүү мамилесин иштеп чыгуу боюнча маселелер каралды.

 

Отурум Комиссиянын бажы инфраструктурасы департаментинин директору Бактыбек Байсеркеевдин төрагалыгы алдында өттү.

Өткөрүү пункттарын жабдуу жагынан Бирликтин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча чаралар 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарында белгиленген.

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштыруу жана техникалык жактан жабдуу боюнча стандарттуу талаптарды иштеп чыгуу үчүн эксперттик топту түзүүнү талкуулашты. Ошондой эле Россияда ЕЭК Коллегиясынын деңиз өткөрүү пункттарында алдын-ала маалыматты түзүү, көрсөтүү жана колдонуу боюнча чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча пикир алмашышты.​