Sign In
Беларустун Президенти Александр Григорьевич Лукашенко Михаил Владимирович Мясниковичти II даражадагы Ата Мекен ордени менен сыйлады

Беларустун Президенти Александр Григорьевич Лукашенко Михаил Владимирович Мясниковичти II даражадагы Ата Мекен ордени менен сыйлады

20200506113842.jpg
19.12.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Владимирович Мясникович мамлекеттик органдардагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерге кошкон орчундуу жеке салымы, Беларустун кызыкчылыктарын ырааттуу жактап келгендиги жана мамлекеттик саясатты ишке ашыргандыгы үчүн II даражадагы Ата Мекен орденине татыды. 

Ата Мекен ордени Беларусь Республикасынын эң жогорку ордени болуп саналат.

Евразия экономикалык комиссиясынын жамааты ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Владимирович Мясниковичти бул жогорку сыйлыкты алгандыгы менен куттуктайт жана андан аркы ийгиликтерди каалайт!​