Sign In
ЕЭК жана Таиланд өкмөтү Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту

ЕЭК жана Таиланд өкмөтү Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту

IMG_7736 (1).jpg
19.11.18
Документ Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин жана Таиланд Королдугунун ортосундагы өз ара иштешүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Келечекте бул товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара соодалашуунун көлөмүн жогорулатууга, инвестицияларды көбөйтүүгө жардам берет.

Меморандумга 19-ноябрда Банкокто (Таиланд) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын макроэкономика жана интеграция боюнча мүчөсү (министри) Татьяна Валовая жана Таиланд Королдугунун соода министри Сонтират Сонтихиравонг кол коюшту. "Меморандумду жүзөгө ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Таиланддын ортосундагы өз ара кызматташууларды бекемдөөгө өбөлгө түзөт жана, албетте, бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрүнүн түздөн-түз байланыштарын өнүктүрүүгө жаңы импульс берет жана жыйынтык натыйжада биздин мамлекеттин жарандарынын бакубатчылыгына оң таасирин тийгизет", - деп баса белгиледи Татьяна Валовая.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Таиланддын өз ара иштешүүсү биргелешкен жумушчу топтун алкагында пландаштырылмакчы. Ошол эле учурда тараптар тажрыйба алмашып; анын ичинде ишкер коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргелешкен конференцияларды, форумдарды, тегерек столдорду өткөрүп, аналитикалык материалдарды даярдашат.

Документте белгиленгендей, кызматташтыктын максаты "товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара соодалашуунун көлөмдөрүн көбөйтүү, инвестициялардын өсүшү, сооданын өнүгүшүнө жана инвестицияларды тартууга жолтоо болгон тоскоолдуктарды четтетүүгө багытталган чараларды жүзөгө ашыруу үчүн" ар тараптуу өз ара иштешүүнү өнүктүрүү болуп саналат.

Тараптар регионалдык экономикалык интеграция, соода саясаты, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар, энергетикалык саясат жана башка ушул сыяктуу багыттар боюнча кызматташууга ниеттенишет.

Меморандумга кол коюлганга чейин Татьяна Валоваянын жана Таиланддын соода министри Сонтират Сонтихиравонгтун жумушчу жолугушуусу болуп өтүп, анын жүрүшүндө ЕЭКтин Таиланд Королдугунун өкмөтү менен өз ара иштешүүсүнүн алгоритми, анын ичинде биргелешкен иш-чаралардын планы талкууланган. ЕЭК делегациясынын сапарынын программасында ошондой эле таиланддык ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуулар каралган.