Sign In
ЕЭК министри Виктор Назаренко: «ЕАЭБде өндүрүлгөн продукциянын тышкы рынокторго чыгышы үчүн анын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мүчө мамлекеттердин макулдашылган саясаты керек»

ЕЭК министри Виктор Назаренко: «ЕАЭБде өндүрүлгөн продукциянын тышкы рынокторго чыгышы үчүн анын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мүчө мамлекеттердин макулдашылган саясаты керек»

2.jpeg
19.07.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Беларустун дипломатиялык миссияларынын башчылары үчүн Минск шаарында Беларусь Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында өткөрүлүп жаткан семинарда Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) түзүлүп жаткан бирдиктүү техникалык жөнгө салуу тутумунун милдеттерин айтып өттү.
Биринчиси – өз ара соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу, продукцияга карата бирдиктүү милдеттүү талаптарга жана аны рынокко чыгаруунун бирдиктүү жол-жоболоруна чыгуу. Экинчиси – рынокту коопсуз эмес продукциядан коргоону камсыз кылуу. Үчүнчүсү – чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. «Азыркы учурда ЕАЭБдин жалпы рыногунда жүгүртүлүп жаткан продукциянын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда. Ошону менен бирге Бирликте өндүрүлүп жаткан продукциянын тышкы рынокторго чыгышы үчүн анын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мүчө мамлекеттердин макулдашылган саясаты керек», – деди ЕЭК министри.

Ошондой эле, Виктор Назаренко ЕАЭБдин эксперттери тарабынан кеңири талкууланып жаткан, Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жайынын кызыкчылыктарын коргоонун негизги аспабы жана рынокко коопсуз продукциянын келишинин кепилдиги катары, продукциянын милдеттүү талаптарга шайкештигин баалоо темасын козгоп өттү.

«Техникалык жөнгө салуу тармагындагы уруксат берүүчү бирдиктүү документтер бекитилгенден кийин Бирликтин өлкөлөрү шайкештикти баалоо чөйрөсүндө олуттуу маселелерге туш келишти, – деди ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү. – Шайкештикти баалоо боюнча нысапсыз органдардын, анын ичинде сыноо жүргүзүү лабораторияларынын жана чет элдик ыйгарым укуктуу даярдоочулардын ишмердиги шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин «көмүскө» рыногунун пайда болушуна алып келди, ал эми бул коопсуздугу тастыкталбаган импорттук продукциянын олуттуу көлөмдөрдө жеткирилишине себеп болду».
Евразия экономикалык комиссиясы Бирликтин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте бул тармакта тартипти орнотуу, берилген шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин реестрлерине, сертификаттоо боюнча органдарга жана сыноо жүргүзүү лабораторияларына ревизия жүргүзүү боюнча тутумдук иш алып барууда.
ЕЭК министри шайкештикти баалоо механизмин ал ЕАЭБде керектөөчүлөрдү коопсуз эмес продукциядан ишенимдүү коргоону камсыз кылгандай кылып реформалоонун зарылдыгын баса белгиледи.

Бул теманы өрчүтүп жатып, Виктор Назаренко техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүүнүн натыйжалуу механизмин түзүүгө өзгөчө басым жасады. «Бирликте алты техникалык регламенттин мисалында ЕАЭБдин «Кооптуу продукция жөнүндө маалымдоо тутуму» пилоттук долбоору ишке ашырылууда. Жакынкы эки жыл ичинде биз коопсуз эмес продукцияны көзөмөлдөөгө, жана аны жүгүртүүдөн чыгаруу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө мүмкүндүк берген заманбап маалыматтык тутумду түзүүгө жетишүүбүз зарыл», – деди ал.

Беларустун дипломатиялык корпусунун өкүлдөрүнө кайрылып жатып, Виктор Назаренко Бирликтин мүчө мамлекеттери ЕЭК менен биргеликте үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды жоюу боюнча укуктук базаны түзүү боюнча жүргүзүп жаткан иштин маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Ал жакынкы мезгилде ЕАЭБдин алкагында Үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө техникалык тоскоолдуктарды жоюунун тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашуу түзүлөт деп айтты. Продукциянын милдеттүү талаптарга шайкештигин баалоонун мүчө мамлекеттер жана үчүнчү өлкө тарабынан өз ара таанылышын камсыз кылган тийиштүү механизмдер түзүлөт. «Бул Макулдашуу Бирликтин өлкөлөрүнүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөр менен үзүрлүү өз ара аракеттенүүсүн жолго салууга мүмкүндүк берет», – деп баса белгиледи ал.