Sign In
Тоскоолдуктарсыз соода: кемчиликтер жана аларды жоюу жолдору

Тоскоолдуктарсыз соода: кемчиликтер жана аларды жоюу жолдору

IMG_3703.jpg
19.06.20

18-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши жана ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигиндеги ички соода маселелерин карап чыгышты жана бир катар конструктивдүү чечимдерди белгилешти. Жаңы аспаптар жана жаңы чечкиндүү аракеттер керек деп белгиленди.


Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюуга карата комплекстүү мамиле евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарында чагылдырылган. Аталган стратегиялык багыттардын долбоору 2020-жылдын 19-майында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан жалпысынан жактырылган. Учурда документтин айрым жоболору такталып, Ишке ашыруу планын даярдоо жүрүүдө. 


Ошону менен бирге ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович алып келинип жаткан товарларды бажылык контролдоонун координацияланган механизмдерин тездетилген темпте иштеп чыгууга, электрондук документтер менен алмашууга, санкциялык товарларды аныктоого, товарларды көзөмөлдөөнүн, айрыкча ветеринардык-санитардык контролго жаткан товарларды көзөмөлдөөнүн электрондук тутумдарын интеграциялоого, "жашыл коридорлорду", электрондук кезектерди түзүүгө багытталган ыкчам чараларды жана өз ара соодага көмөк көрсөтүүнүн башка чараларын кабыл алууну сунуш кылды. 


Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, ЕЭК Кеңешинин мүчөсү Алексей Оверчук Бирликтин мүчө мамлекеттеринин чек аралары аркылуу товарларды алып өтүүгө байланыштуу келишпестиктерди жөнгө салуу жана талаш маселелерди чечүү боюнча фундаменталдык сунуштарын билдирди. Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары, ЕЭК Кеңешинин Төрагасы Игорь Петришенко токтоосуз кароону талап кылган практикалык мүнөздөгү актуалдуу маселелерди жана аларды чечүү жолдорун айтып өттү. Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары, ЕЭК Кеңешинин мүчөсү Алихан Смаилов, Армения Республикасынын вице-премьери, ЕЭК Кеңешинин мүчөсү Мгер Григорян, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ЕЭК Кеңешинин мүчөсү Эркин Асрандиев конкреттүү сунуштамаларды келтиришти.


Бул маселелер 9-июнда ЕЭК Коллегиясы тарабынан каралгандыгын эске алсак, өз ара соодада бир кыйла жогорку деңгээлдеги ишенимдин түзүлүшүн күтүүгө негиз бар. Бул салык жана бажы тармактарындагы маалымат алмашууну жакшыртууга, Бирликтин тышкы чек арасынын бүткүл контурундагы үчүнчү өлкөлөрдөн товарлардын импортун тескөө-башкарууга карата чараларды жана бирдиктүү мамилелерди макулдашууга, товарларды импорттоодо көзөмөлдөө механизмдеринин тездетилген темпте колдонулушун камсыз кылууга жана Бирликтин тышкы чек арасы аркылуу жана Бирликтин ичинде товарлардын мыйзамсыз өткөрүлүшүн азайтууга мүмкүндүк берет.


ЕЭК Кеңеши тийиштүү "жол картасын" иштеп чыгуу боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.


ЕЭК Коллегиясында аталган чаралар, тоскоолдуктарды жоюу жана өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча 2020-жылда кабыл алынган чечимдер менен биргеликте, Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштугу жана мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан катуу сынга алынып жаткан ички соодадагы көйгөйлүү жагдайларды жоюуга мүмкүндүк берет деп ишенишет.​