Sign In
Евразия экономикалык комиссиясы менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

Евразия экономикалык комиссиясы менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

19.06.15

19-июнда Санкт-Петербургда ЕЭКтин Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая жана Чили Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы экономикалык байланыштар башкы башкармалыгынын генералдык директору Андрес Ребольедо Евразия экономикалык комиссиясы менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

 Кол коюу аземи Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өттү. Аталган форумга чилилик делегация Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты түзүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар өкмөттүк жана ишкердик  түзүмдөрдүн өкүлдөрүнөн  турган кең курамда катышышты.  

 Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум ЕАЭБ өлкөлөрү жана Чили Республикасынын ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

 Тараптар өз ара иштешүүнү конференцияларды, форумдарды жана семинарларды өткөрүү жолу менен жана алардын ишине ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана Чили Республикасынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүн тартуу жолу менен өнүктүрүүгө ниеттенишет. Ошондой эле бир катар багыттар боюнча тажрыйба алмашуулар жүргүзүлмөкчү:

 - аймактык экономикалык интеграция жана аны өнүктүрүү стратегиясы; ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде жана Чили Республикасында экономикалык өнүгүүгө жана макроэкономикалык жагдайга талдоо жүргүзүү;

 - экономикалык кызматташтык;

 - техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу жана дал келүүгө баа берүү;

 - санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу;

 - каржы;

 - транспорт;

 - энергетика;

 - агроөнөр жай комплекси;

 - атаандаштык саясаты, монополияга каршы жөнгө салуу;

 - өнөр жай, анын ичинде өнөр жай кооперациясын тереңдетүү;

 - бажылык жөнгө салуу;

 - интеллектуалдык менчик;

 - кызмат көрсөтүүлөр, инвестициялар жана ишкердикти өнүктүрүү;

 - өз ара кызыкчылыкты камтыган башка багыттар.

 Меморандумга ылайык, диалогду өнүктүрүү жана ЕЭК компетенциясына тийиштүү чөйрөлөрдө кызматташтыкты иштеп чыгуу максатында Евразия экономикалык комиссиясы менен Чили Өкмөтүнүн ортосунда өз ара иштешүү боюнча биргелешкен комиссия түзүлмөкчү.

 20-апрелде Комиссиянын штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко менен Чили Республикасынын Тышкы иштер министри Эральдо Муньостун ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары Чили Республикасы тарабынан ЕАЭБга болгон олуттуу кызыгууну айгинелейт. Жолугушууда Тараптар өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун  даярдоо маселелерин, ошондой эле ЕЭК Министри Татьяна Валоваянын 2014-жылдын ноябрь айында Сантьяго шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыктарын талкуулашты.

Ушуга байланыштуу меморандумга кол коюлушу – Комиссиянын Латын Америка аймагынын өлкөлөрү менен системалык иштешүүнү түзүүдөгү биринчи кадам болду, аталган аймак ЕАЭБ өлкөлөрүнүн компаниялары үчүн чоң экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жаратмакчы.