Sign In
ЕАЭБ мамлекеттеринин 2020–2021-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары бекитилди

ЕАЭБ мамлекеттеринин 2020–2021-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары бекитилди

19.05.20

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин 2020–2021-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын бекитти.


Документ мүчө мамлекеттердеги экономикалык жагдайды жакшыртуу жана коронавирустук инфекция пандемиясына жана чийки затка баалардын кескин төмөндөшүнө байланыштуу тышкы шоктордун экономикалык кесепеттерин азайтуу боюнча улуттук жана интеграциялык чаралардын комплексин камтыйт.


ЕАЭБдин макроэкономикалык саясатынын орто мөөнөттүү перспективадагы максаттары – макроэкономикалык стабилдүүлүктү жана калктын жашоосунун жетишилген деңгээлин сактоо, Бирликтин андан аркы экономикалык өнүгүүсү үчүн базаны түзүү. Аталган максаттарга макроэкономикалык туруктуулукту сактоого, инвестицияларды көбөйтүүгө, ЕАЭБдин илимий-технологиялык жана өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу чараларды кабыл алуу, ошондой эле туруктуу суроо-талапты камсыз кылуу, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана өз ара сооданы активдештирүү аркылуу жетүү каралган.


Комиссия тарабынан иштелип чыккан сунуштар коронавирус пандемиясына байланыштуу макроэкономикалык стабилдүүлүккө болгон коркунучтарга, товардык жана каржы рынокторундагы туруксуздашуу тобокелдиктерине комплекстүү таасирденүү зарылчылыгынын шарттарында Бирликтин өлкөлөрү үчүн өзгөчө актуалдуу болууда.


ЕЭК мүчө мамлекеттер тарабынан ишке ашырылып жаткан чараларды талдап чыгып, алардын Бирликтин мамлекеттеринин 2020–2021-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын бекитилген негизги багыттарына шайкештигине баа бермекчи.​