Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлери коронавирустук инфекция пандемиясынын учурундагы азык-түлүк коопсуздугун талкуулашты

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлери коронавирустук инфекция пандемиясынын учурундагы азык-түлүк коопсуздугун талкуулашты

IMG_5380.JPG
19.05.20

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин айыл чарба министрлери жана Евразия экономикалык комиссиясынын профилдик министрлери – ЕАЭБдин агроөнөр жай саясаты боюнча Кеңешинин мүчөлөрү 18-майда видеоконференция режиминде өткөрүлгөн шашылыш жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы принциптерди жана мамилелерди талкуулашты. Бирликтин өлкөлөрүндө COVID-19 пандемиясынын күчөшүнүн шарттарында азык-түлүк товарларына баалардын өсүшүн кармап туруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар каралды.

Кеңештин Төрагасы, Беларусь Республикасынын айыл чарба министри Иван Крупко отурумду ачып жатып, айыл чарба министрликтеринин башчыларынын биргелешкен чечимдери учурдагы жагдайды стабилдештирүү жана Бирликтин агрардык рыногунун андан аркы өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ деп белгиледи.

 

"Коронавирус пандемиясынын шарттарында рынокту азык-түлүк товарлары менен стабилдүү камсыз кылуу маселеси өзгөчө курч жана актуалдуу болуп саналат. Биз Бирликтин агрардык жана азык-түлүк рыногунун стабилдүү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн сактоо үчүн гана эмес, жаңы экспорт мүмкүнчүлүктөрүн табуу үчүн да өзүбүздүн иш-аракеттерибизди бириктирип, макулдашылган аракеттерди кабыл алышыбыз зарыл", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян баса белгиледи.


Айыл чарба министрлери Бирликте азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алмашышты. Эки мамиле активдүү талкууланды: бири улуттук өндүрүштүк ресурстардын эсебинен гана айыл чарба продукциясы жана азык-түлүк менен камсыз кылуу маселелерин жөнгө салуу менен байланыштуу, экинчиси – ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн экономикалык потенциалын ишке ашырууну караштырган жамааттык моделди пайдалануу менен.


Жолугушуунун катышуучулары азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы принциптерин жана мамилелерин аныктоочу комплекстүү документтин негизи катары ЕАЭБ органдарынын тийиштүү акты кабыл алынат деп белгилешти. Эскерте кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун методологиясынын негизинде Бирликте азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы принциптери жана мамилелери евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоорунун алкагында Бирликтин бардык өлкөлөрү тарабынан колдоого алынган.


Ошондой эле, министрлер ЕАЭБде органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча маселелерди карап чыгышты. Бүгүнкү күндө Бирликтин бардык өлкөлөрүндө органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн мыйзамдык база кабыл алынган, сертификатталган органикалык талаалардын аянттары чоңоюуда жана алардын жалпы аянты дээрлик 900 миң га түзөт, ал эми органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдүн саны 1300дөн ашты.


Артак Камалян дүйнөдө мындай продукцияга суроо-талаптын өсүшү жакынкы келечекте рыноктун көлөмдөрүнүн эки эсеге көбөйүшүнө алып келип, ал 200 млрд долларга чейин жетиши мүмкүн деп баса белгиледи.


Тараптардын мыйзамдарын талдоо органикалык продукцияны маркалоодо, өндүрүштү жөнгө салууга карата мамилелерде, сертификаттоодо жана стандартташтырууда, шайкештикти тастыктоо боюнча органдарды аккредиттөөдө айырмачылыктар бар экендигин көрсөттү. Буга байланыштуу Бирликте улуттук мыйзамдарды бир түргө келтирүүнүн негизинде органикалык өндүрүштүн шайкештигин баалоо жөнүндө документтерди өз ара таанууга багытталган улуттан жогорку актыны даярдоо менен, органиканын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу тутумун түзүү максатка ылайыктуу деп табылды. Бул ЕАЭБде органикалык айыл чарба продукциясынын тоскоолдуктарсыз кыймылын камсыз кылат жана органикалык товарларга дүйнөлүк суроо-талаптын өсүшүнүн фонунда экспорттук потенциалды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.


Маалымат

ЕАЭБдин агроөнөр жай саясаты боюнча Кеңеши ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын чечими менен, макулдашылган агроөнөр жай саясатын ишке ашырууда Бирликтин өлкөлөрүнүн айыл чарба министрликтеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн  түзүлгөн. Анын курамына Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин айыл чарба министрлери жана ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси жана техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөлөрү (министрлери) кирет.