Sign In
ЕЭКтин Укук департаментинин директорунун орун басары болуп Андрей Авдеев дайындалды

ЕЭКтин Укук департаментинин директорунун орун басары болуп Андрей Авдеев дайындалды

IMG00771.JPG
19.03.21

Андрей Дмитриевич Авдеев 1978-жылы 21-июлда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) туулган.

2000-жылы Беларусь мамлекеттик университетин, 2006-жылы – Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын бүтүргөн.

2000-2002-жылдары Минск шаарынын чарба сотунун соттук аткаруучусу болуп иштеген. 2002-жылдын январынан 2008-жылдын октябрына чейин БР Жогорку Чарба Сотунун тутумунда иштеген. 2008-жылдын ноябрынан 2014-жылдын январына чейин - Минск шаарынын чарба сотунун судьясы.

2014-жылдын январь айынан 2016-жылдын октябрь айына чейин - Беларусь Республикасынын Юстиция министрлигинин милдеттүү аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы.

2016-жылдын октябрынан 2021-жылдын март айына чейин - Беларусь Республикасынын юстиция министринин орун басары.

2021-жылдын 18-мартынан - Евразия экономикалык комиссиясынын укук департаментинин директорунун орун басары.​