Sign In
ЕЭК ЕАЭБде нефтехимия тармагындагы өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнү пландаштырууда

ЕЭК ЕАЭБде нефтехимия тармагындагы өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнү пландаштырууда

19.03.20

"Биз Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн нефтехимия тармагын өнүктүрүүнүн заманбап жолдорун издөөгө багыт алып турабыз", – деп ЕЭКтин өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Дина Акпанбаева Россия Федерациясынын Нефтегаз өндүрүүчүлөрүнүн бирлигинин президенти Константин Радинский менен жолугушууда баса белгиледи. 


ЕЭК өкүлү мүчө мамлекеттердин ишканаларынын кооперациясын өнүктүрүү үчүн Комиссияда болгон аспаптардын баарын колдонууну сунуш кылды: өнөр жай боюнча Консультативдик комитеттин алдында эксперттик топту түзүүдөн баштап, импортту алмаштыруу боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отурумдарында катышууга чейин. 


"Биргелешкен диалог жана бизнестин маалымдуулугун жогорулатуу тармактын учурдагы көйгөйлөрүн жана келечекте болушу мүмкүн болгон маселелерди тез жана натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет", – деп баса белгиледи Дина Акпанбаева. 


Жолугушуу 17-мартта Москвада "Сколково" Инновациялык борборунда Евразия экономикалык комиссиясынын, РФтин нефтегаз жабдууларын өндүрүүчүлөр бирлигинин жана "Технологиялык өнүктүрүү агенттиги" АКэУнун өкүлдөрүнүн диалогунун алкагында болуп өттү. Нефтегаз жабдуулары тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Аталган агенттиктин Россияда импортту алмаштыруу программасынын алкагындагы талдамалык ишмердик боюнча, ошондой эле алардын жүрүшүндө Россиянын ар түрдүү региондорунун ортосундагы кооперациялык чынжырлар аныкталган изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча тажрыйбасына өзгөчө көңүл бөлүндү. 


Жолугушуунун натыйжалары боюнча Комиссиянын жана РФтин нефтегаз жабдууларын өндүрүүчүлөр бирлигинин андан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттары аныкталды.​