Sign In
ЕАЭБтин жана ЕБтин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн перспективалары Брюсселде талкууланды

ЕАЭБтин жана ЕБтин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн перспективалары Брюсселде талкууланды

IMG_1431.JPG
19.03.19
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Европа бирлигинин (ЕБ) ортосунда мамилелерди нормалдаштыруу маселелери Брюсселде "Биринчи диалог: Евразияны – Атлантикадан Тынч океанга чейин" форумунда талкууланды, ага Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министри) Татьяна Валовая катышты.
ЕЭК Министри "Көптөгөн стратегиялар – бир максат" сессиясында аудиторияга Бирлик жөнүндө келишимге кол коюлгандан тарта беш жылдын ичинде ЕАЭБ жетишкен ийгиликтер туурасында айтып берди. Ошол эле учурда Татьяна Валовая белгилеп өткөндөй, эки интеграциялык бирикмелердин ортосундагы байланыштар тийиштүү деңгээлде өнүкпөй жатат жана аларды калыбына келтирүү зарыл.

"Европа бирлиги ЕАЭБтин негизги тышкы соода өнөктөшү болуп саналат, ал эми биздин бардык өлкөлөрдүн ЕБ мамлекеттери менен эки тараптуу жакшы байланыштары бар. Чынында, дүйнөдө интеграциянын окшош деңгээли бар эки гана толук кандуу экономикалык бирлик бар – ЕАЭБ жана ЕБ.  Буга байланыштуу, алардын ортосунда диалог дагы эле түзүлбөгөндүгү туура эмес деп эсептейм", - деди Татьяна Валовая.

ЕАЭБтин товар айланымынын Азия-Тынч океан аймагы (АТА) тарапка диверсификацияланышына басым жасоо менен Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин эки бирикменин мамилелериндеги азыркы учурдагы көйгөйлөр туурасында баяндады. Ал белгилегендей, акыркы убакта АТЭС өлкөлөрүнөн Бирликке импорт ЕБден импорттон ашканын байкоого болот, ал эми Европа бирлиги бошоткон нишаны ыкчам түрдө АТА өлкөлөрү ээлөөдө.

Континенттеги негизги оюнчулардын ортосунда диалогду баштоо зарылчылыгы туурасында Еврокомиссиянын онунчу президенти Романо Проди кеп кылды. Анын пикири боюнча, бай тарыхы, жалпы маданий жана руханий баалуулуктары, салмактуу соода-экономикалык байланыштары бар өлкөлөр диалог жүргүзүүгө милдеттүү. Романо Проди белгилегендей, ЕАЭБ кыска мөөнөттө дүйнөлүк экономикалык аренадагы маанилүү оюнчуга айланды, ал эми толук кандуу диалогдун жоктугу европалык бизнеске терс таасирин тийгизүүдө.

Сессиянын ишине Өзбекстан Сенатынын Төрагасынын биринчи орун басары Садык Сафоев катышты. Мындан тышкары "Интеза" Банкынын Директорлор Кеңешинин төрагасы Антонио Фаллико жана Россия Федерациясынын Европа бирлигиндеги Туруктуу элчилигинин башчысы Владимир Чижов чыгып сүйлөштү. Алар спикерлерге европа-евразия проблематикасына карата билдирген пикири жана кызыгуусу үчүн ыраазычылыгын айтышты. Владимир Чижов белгилеп өткөндөй, форумдагы дискуссиялар эксперттик диалогдун керектүүлүгүн тастыктоодо, ал эми Евразиялык континенттин өлкөлөрүнүн ЕАЭБ жана ЕБ сыяктуу ири интеграциялык бирикмелердин өз-ара иштешүүсүнүн потенциалына таянууга жана "интеграциялардын интеграциясынын" перспективасын талкуулоого мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Форум "Евразияны тааныйбыз" ассоциациясы, "Интеза" Банкы, "Росконгресс" фонду, Европалык бизнес Ассоциациясы, Бельгия-Люксембург соода палатасы тарабынан Петербург эл аралык экономикалык форумунун колдоосу менен уюштурулган.