Sign In
2021-2023-жылдарга транспорт саясатын жүзөгө ашыруу боюнча "жол картасы" макулдашылды

2021-2023-жылдарга транспорт саясатын жүзөгө ашыруу боюнча "жол картасы" макулдашылды

Фото Кай-1.jpg
19.02.21

 

Министрлердин орун басарлары эл аралык автомобилдик жүк ташууларды либералдаштыруу, темир жол транспорту жаатында конвенциялык тыюу салууларды киргизүү жана колдонуу, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнүн ортосунда учууларды жүргүзүүдө авиакомпанияларга бирдей шарттарды камсыз кылуу маселелерин карашты. Бул маселелердин бардыгы тармактык рынокторду калыптандыруу жана транспорт чөйрөсүндө интеграциялык процесстерди тереңдетүү үчүн маанилүү.

"Жол картасынын" долбооруна киргизилген чаралар Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин транспорт жана инфраструктурага тиешелүү жоболорун өнүктүрөт, автомобиль, темир жол жана суу транспортун өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алат, транспорттук саясаттын милдеттеринин жана артыкчылыктуу багыттарынын аткарылышын камсыздайт.


Документте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү, Бирликте электрондук транспорттук документтерди жайылтуу, аралаш жана контейнердик транспортту өнүктүрүү, ошондой эле евразиялык транспорттук коридорлорду, анын ичинде транспорттук-логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча иштер каралган.

"Жол картасынын" долбоорунда транспорт чөйрөсүндөгү интеграцияны тармактык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталган. Ири көлөмдүү жана оор салмактуу транспорт каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөө механизмин өркүндөтүү жана кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн талап кылынган процедураларды синхрондоштуруу пландаштырылууда.

Суу транспорту чөйрөсүндө кемелердин ички суу жолдорунда өтүү тартибин өркүндөтүүгө көңүл бурулат. Үчүнчү өлкөлөрдөн ташууларды жүргүзүүдө санарип технологияларын киргизүү жана алдын-ала маалымат алуу көйгөйүн чечүү темир жол транспорту чөйрөсүндө талкуунун чордонуна айланды. Жарандык авиация жаатында, ЕАЭБ өлкөлөрү 2025-жылга чейин жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү аба менен ташууну жүзөгө ашырууга болгон чектөөлөрдү алып салууга багытталган ишти улантышат.


"Жол картасынын" долбоору 2021-жылдын биринчи жарымында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин бекитүүсүнө жөнөтүлөт.​