Sign In
ЕЭКтин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп Уасиля Байкадамова дайындалды

ЕЭКтин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп Уасиля Байкадамова дайындалды

Фото-Байкадамова.jpg
19.02.21

Уасиля Тулеуовна Байкадамова 1972-жылы 21-декабрда Караганда (Казакстан) шаарында туулган. 1993-жылы Казакстан керектөөчүлүк кооперациясы институтун, 1999-жылы Заманбап гуманитардык институтун, 2018-жылы Каржы академиясын аяктаган.


1993-2008-жылдары Караганда жана Астана шаарларынын салык органдарында, анын ичинде Казакстан Республикасынын Экономика жана бюджеттик пландаштыруу министрлигинин салык саясаты бөлүмүндө иштеген.

2008-2010-жылдары Казакстан Республикасынын Индустрия жана соода министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалаган.

2010-жылы - Казакстан Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин сооданы өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары.

2011-жылы - "Nadloc жергиликтүү мазмунду өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик" АКнын финансы департаментинин директору.

2013-2019-жылдары - тышкы сооданы өнүктүрүү департаментинин, андан кийин - Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин тышкы соода ишмердүүлүгү боюнча  департаментинин директорунун орун басары.

2019-2021-жылдары - Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин тышкы соода ишмердиги боюнча департаментинин директору.​