Sign In
ЕЭК стандартташтыруу тутумунун негизинде монополияга каршы комплаенс боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгат

ЕЭК стандартташтыруу тутумунун негизинде монополияга каршы комплаенс боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгат

Ф-1.JPG
19.02.21

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Арман Шаккалиев Россиянын ФМА (Федералдык монополияга каршы агенттиги) Монополияга каршы эксперттер ассоциациясы менен биргеликте уюштурган жыл сайын өткөрүлүүчү Монополияга каршы форумдун пленардык жыйынында билдирди.


“Комплаенс, жөнөкөй тил менен айтканда, - бул шайкештик. Монополияга каршы мыйзамдардын ченемдерине шайкештик. Бүгүнкү күндө - бул ЕАЭБ мыйзамдарындагы “жумшак жөнгө салуу” механизмдеринин бири. Бирок, учурдагы түрүндө монополияга каршы комплаенс бирдиктүү эмес. Биз аны стандартташтырууну, терминдер, аныктамалар, жол-жоболор боюнча бир калыпка келтирүүнү сунуштап жатабыз", - деп ЕЭК өкүлү комментарий берди.  


Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына монополияга каршы комплаенс институтун киргизүү Комиссиянын атаандаштык блогунун артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат. Монополияга каршы тобокелдиктердин алдын алуу механизми рыноктун катышуучулары үчүн да, монополияга каршы органдар үчүн да пайдалуу. Бизнеске ал монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болгон, башкаруудагы тоскоолдуктарды аныктоого жардам берет. Монополияга каршы органдар, анын ичинде Комиссия үчүн, бул механизмдин ишке киргизилиши бизнес атаандаштык эрежелеринин бузулушун гана четтетпестен, келечекте мындай мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн өзүнүн ички процесстерин жөнгө салаарын көрсөтөт.

ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү баса белгилегендей, комплаенс –компаниянын "саламаттыгы жөнүндө маалымкаты" деп айтууга болот, бул механизмди киргизүү бизнестин жагымдуулугун жогорулатып, анын керектөөчүгө болгон камкордугун көрсөтөт.

 

Ишкананын саясатынын белгиленген эрежелерге шайкештиги жөнүндө корутунду бере турган көзкарандысыз эксперттерге коюлган талаптар жөнүндө суроого, Арман Шаккалиев ашыкча бюрократияга жол бербөө үчүн, бул процесс "эки ачкыч" принциби боюнча уюштурулат деп жооп берди. Биринчиси, монополияга каршы кызмат тарабынан сунушталат, ал экспертке ыйгарым укук берет, ага баа берет, экинчиси - эл аралык принциптерге негизделген аккредитация тутуму.