Sign In
Мексика "ЕАЭБ – Латын Америкасы" диалогунда толук форматтуу катышууну көздөөдө

Мексика "ЕАЭБ – Латын Америкасы" диалогунда толук форматтуу катышууну көздөөдө

IMG_4351.jpg
19.02.20

ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев жана Мексика Кошмо Штаттарынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Норма Пенсадо Евразия экономикалык комиссиясынын жана Тынч океан альянсынын кызматташтыгын өнүктүрүүнүн механизмдерин талкуулашты. Жолугушуу Комиссиянын штаб-квартирасында болуп өттү.

"Комиссия Бирликти өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясынын үстүнөн активдүү иштөөдө жана аталган документтин алкагында евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү боюнча маанилүү кадамдар менен катар биз ЕАЭБдин эл аралык ишмердигин өнүктүрүүгө байланыштуу аспектилерди да талкуулоодобуз. Латын Америкасынын мамлекеттери жана интеграциялык бирикмелери менен диалогдун деңгээлин биз азыр эле жогору катары баалайбыз", – деп Сергей Глазьев ЕЭКтин Кубанын, Перунун жана Чилинин өкмөттөрү менен кызматташтыгы тууралуу айтып жатып билдирди.

Мексиканын өкүлү өз кезегинде Комиссиянын региондогу өнөктөштөр менен алып барып жаткан ишине жогору баа берди жана ЕЭКтин аянтчасында "ЕАЭБ – Латын Америкасы" семинарларын уюштурууну сунуш кылды. Норма Пенсадонун пикири боюнча, семинарларда техникалык жөнгө салуу, бажылык тескөө-башкаруу жана өз ара сооданы жана инвестицияларды жеңилдетүү сыяктуу бизнестин кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди кароо зарыл.

Жолугушуунун катышуучулары Комиссиянын жана Тынч океан альянсы жөнүндө алкактык макулдашууга катышкан мамлкеттердин ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө декларацияны ишке ашырууну, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө ишкердик коомдоштуктарга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Сергей Глазьев ЕЭК Мексиканын расмий ишкердик коомдоштуктары менен диалогго даяр экендигин баса белгиледи жана мексикалык делегациялардын ЕАЭБ өлкөлөрүнө сапарларынын жүрүшүндө алардын жетекчилери менен жумушчу жолугушууларды өткөрүүгө кызыкдар экендигин тастыктады. ​