Sign In
РИАнын Илимий кеңеши евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиясын илимий колдоону камсыз кылмакчы

РИАнын Илимий кеңеши евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиясын илимий колдоону камсыз кылмакчы

19.02.20

Россия илимдер академиясынын евразиялык экономикалык интеграциянын комплекстүү маселелери, модернизациялоо, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана туруктуу өнүгүү боюнча Илимий кеңеши Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын илимий колдоону жана ишке ашырууну камсыз кылмакчы. Мындай чечим 19-февралда РИАнын Президиумундагы отурумда кабыл алынды.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович ЕЭКтин жана РИАнын тутумдук кызматташтыгынын зарылдыгы тууралуу билдирди.

"Биз Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын үстүнөн ишти аяктоодобуз. Бул комплекстүү документ, ал дагы ишке ашырылышы керек болгон бир катар олуттуу чараларды камтыйт. Реалдуу мазмун абдан керек, жана биз сиздердин колдооңуздарга ишенебиз", – деди ЕЭК Коллегиясынны башчысы.

РИАнын Президенти Александр Сергеев баса белгилеп өткөндөй, илимдин экономикага туура интеграцияланышы маанилүү жана РИАнын жана ЕЭКтин өз ара аракеттенүүсү Бирликтин бардык өлкөлөрү үчүн оң таасир бере алат.

"Бүгүнкү күндө ЕАЭБде жаңы көрүнүктүү интеграциялык долбоорлор керек. Биздин кеңеш аларды илимий колдоо үчүн аянтча болуп калышы мүмкүн", – деп белгиледи РИАнын Президенти.

РИАнын Илимий кеңешинин төрагасы, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев технологиялык тартип өзгөрүп жаткан шарттардагы евразиялык интеграциянын стратегиясы тууралуу айтып берди. Мындан сырткары, ал стратегиялык багыттардын долбоорундагы негизги пункттарга токтолуп өттү. Алардын арасында – ЕАЭБ рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү, Бирликтин санариптик мейкиндигин түзүү, биргелешкен кооперациялык долбоорлорду башкаруу жана каржылоо тутумун түзүү жана башкалар.

Ошондой эле, иш-чаранын катышуучулары Евразия континентин улуттар аралык өнүктүрүү боюнча, Евразия илимий-технологиялык палатасынын концепциясы жана РИАнын Инженердик мектебин түзүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Талкуунун натыйжалары боюнча Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын илимий колдоону жана ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Илимий кеңештин мүчөлөрүнө ЕЭКтин эксперттик кеңештеринин жана жумушчу топторунун ишинде активдүү катышуу сунушталды.

Мындан сырткары, ЕЭКтин жана РИАнын кызматташтыгы боюнча биргелешкен иш-чаралардын тизмегин даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Маалымат

РИАнын Илимий кеңеши РИАнын илимий-консультативдик органы болуп саналат. Ал евразиялык экономикалык интеграция, модернизациялоо, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана туруктуу өнүгүү жаатындагы изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана иштерди аткарууда РИАнын мекемелеринин жана ар кандай ведомстволордун карамагындагы уюмдардын кызматташтыгы маселелери боюнча сунуштарды даярдайт.

Кеңештин курамына РИАнын жана башка академиялардын, жогорку окуу жайлардын жана илимий-изилдөө институттарынын алдыңкы илимпоздору жана адистери кирет.​