Sign In
ЕЭКтин жана ЕККУнун кызматташтыгы – экономика жаатындагы эң мыкты дүйнөлүк иш-тажрыйбалар менен алмашуунун оптималдуу механизми

ЕЭКтин жана ЕККУнун кызматташтыгы – экономика жаатындагы эң мыкты дүйнөлүк иш-тажрыйбалар менен алмашуунун оптималдуу механизми

Фото для пресс-релиза-Лобков-19-02_2020.jpg
19.02.20

Башкаруунун транспаренттүүлүгүн жогорулатуу, инновацияларды илгерилетүү, санариптик экономиканы өнүктүрүү 17-18-февралда Венада (Австрия) болуп өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Экономикалык-экологиялык форумун даярдоо боюнча биринчи жолугушуунун көңүл борборунда болду. Иш-чарада Евразия экономикалык комиссиясынын атынан ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Саадат Асансеитова катышты.

"Транспаренттүүлүк – ЕЭКтин ишинин негизги принциптеринин бири, жана биздин бардык иш-аракеттер ЕАЭБдин алкагында бизнес жүргүзүү үчүн мүмкүн болушунча жайлуу шарттарды түзүүгө багытталган",деп белгиледи ЕЭК өкүлү.

Ал "экономикалык интеграциянын ар түрдүү чөйрөлөрүндө санариптик жана инновациялык технологияларды колдонуунун аркасында ЕАЭБде коррупциялык тобокелдиктер азаюуда. Атап айтканда, муну 2018-жылда күчүнө кирген ЕАЭБдин Бажы кодексинин мисалында көрүүгө болот. Электрондук бажылык тескөө-башкаруу экспорттук-импорттук механизмдердин айкындыгын олуттуу түрдө жогорулатты, бул Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн эл аралык рейтингдеринде чагылдырылды" деп баса белгиледи.

Мындан сырткары, Саадат Асансеитова ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосу кеңири сандагы катышуучуларды, анын ичинде Бирликтин мамлекеттеринин жана үчүнчү өлкөлөрдүн ишкерлерин, эксперттерин жана жеке жактарын аталган чечимдерди кабыл алуу процессине тартууга мүмкүндүк берет деп билдирди. Ал эми жөнгө салуучу таасирди баалоо ишкердик ишмердиктин субъектилери үчүн ашыкча милдеттерди, чектөөлөрдү же тыюу салууларды аныктоого жана жоюуга жардам берет.

Жолугушууда ЕККУ регионунун мамлекеттеринин дээрлик 200 дипломатиялык өкүлдөрү, ошондой эле экономика тематикасында адистешкен эл аралык уюмдардын, анын ичинде Европа комиссиясынын өкүлдөрү катышышты. Ошондой эле, форумдун күн тартибине бюджетти жана мамлекеттик сатып алууларды контролдоонун санариптик тутумдары, электрондук өкмөттү түзүүдө санариптик технологияларды колдонуу менен натыйжалуу иш-тажрыйбаларды киргизүү сыяктуу темалар кирди.

ЕККУнун универсалдуу аянтчасы Евразия экономикалык комиссиясына Европа мамлекеттери, эл аралык уюмдар жана башка катышуучу өлкөлөр менен кеңири экономикалык күн тартибинин маселелери боюнча "саат салыштырууга" мүмкүндүк берет. 2020-жылы ЕККУнун экономикалык аспектинин алкагында дагы бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Маалымат

ЕККУ Европа, Борбордук Азия жана Түндүк Американын 57 катышуучу өлкөсүн бириктирет. ЕАЭБ мамлекеттеринин ЕККУнун алдындагы делегацияларынын иш-аракеттеринин аркасында Евразия экономикалык бирлиги жана Евразия экономикалык комиссиясы ЕККУнун Туруктуу кеңешинин чечими менен ЕККУнун Экономикалык-экологиялык форумуна катышууга жыл сайын чакырылуучу эл аралык уюмдардын, эл аралык органдардын, регионалдык бирикмелердин жана конференциялардын тизмегине киргизилди. 2020-жылы Уюмда Албания төрагалык кылат.​