Sign In
ЕАЭБде санариптик фискалдык мониторингдин перспективаларын талкуулашууда

ЕАЭБде санариптик фискалдык мониторингдин перспективаларын талкуулашууда

20201120155312.jpg
19.01.21

Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков 14-чү Евразия салык форумунда Евразия экономикалык бирлигиндеги салыктарды алуу механизми жана экономикалардын улап өнүгүп бара жаткан санариптешүүсүнө байланыштуу пайда болуп жаткан маселелерди чечүү жөнүндө айтып берди.

ЕЭК министри өзүнүн саламдашуу сөзүндө "коронакризистен" кийин, биринчиден, күчтүү, туруктуу жана инклюзивдүү саламаттыкты сактоо тутумдарына, ал эми экинчиден, экономиканы кеңири масштабдуу калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүү зарылчылыгы бар экендиги айкын деп баса белгиледи. "Экономикалык өнүгүүнүн трансформациялык калыбына келүүсүн колдоо жана анын жаңы концепциясын иштеп чыгуу боюнча чаралар биз үчүн негизги багытка айланууда,– деп Тимур Жаксылыков баса белгиледи. –  Мындай чаралар ЕАЭБди өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарында чагылдырылган".

"Фискалдык приоритеттерге келсек, – бул, албетте, экономикаларды санариптештирүүнүн өсүп келе жаткан глобалдык тенденциясына байланыштуу пайда болуп жаткан салык маселелерин чечүү, ЕАЭБде салык алуу механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат. Биз салыктык контролду жана тескөө-башкарууну санариптик трансформациялоо боюнча чараларды негизги приоритет катары карайбыз", – деди Тимур Жаксылыков.

Мындан сырткары, анын айтуусу боюнча, негизги милдет 2021-жылдын ортосуна чейин ЕАЭБде товарлардын жүгүртүлүшүн санариптик фискалдык контролдоо, алардын орун которуштуруусун көзөмөлдөө механизмин киргизүү, санариптик идентификациялоону жана маркалоону камсыз кылуу боюнча консенсуска жетүү болуп саналат. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен электрондук соода жүргүзүүгө салык салуу маселелери өзүнчө тректи түзөт.

Ошондой эле, Тимур Жаксылыков ЕЭК жана Эл аралык салык жана инвестициялар борбору (ITIC) алардын ортосунда түзүлгөн Меморандумдун негизинде бир нече жылдан бери үзүрлүү кызматташып келе жаткандыгын эске салып өттү.

Маалымат:

14-чү Евразия салык форуму Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик салык комитети тарабынан Эл аралык салык жана инвестициялар борбору менен биргеликте уюштурулду.​