Sign In
ЕЭК жана Европа комиссиясы атаандаштык саясаты жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

ЕЭК жана Европа комиссиясы атаандаштык саясаты жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

18.03.21

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун жана Европа комиссиясынын атаандаштык боюнча директоратынын өкүлдөрүнүн онлайн-форматындагы биринчи жолугушуусу болуп өттү.


Тараптар европалык жана евразиялык аймактардагы атаандаштык саясаты жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле санариптик чөйрөдө тергөө иштерин жүргүзүү маселелерин камтыган акыркы укук колдонуу практикасы жөнүндө маалымат алмашышты. 

Жолугушуунун жыйынтыгында, анын катышуучулары ушул жылдын май-июнь айларында кезектеги консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашышты. ЕЭКтин атаандаштык блогу Европа комиссиясынын Атаандаштык боюнча директораты менен эки тараптын кызыкчылыгында мындан аркы кызматташтыгынын келечегин талкууламакчы.

Мындай жолугушуу жана жалпысынан атаандашуу жаатында кызматташтыкты орнотуу боюнча ЕК менен сүйлөшүүлөр өткөн жылы башталган. Натыйжада, Европа комиссиясынын Атаандаштык боюнча директораты ЕЭК менен диалог жүргүзүүгө кызыкдар экендигин тастыктады. Видеоформат карантиндик чараларды сактоо зарылдыгына байланыштуу тандалган.​